Бириккен Улуттар Уюмунун баш кеңсесинде палестин мамлекетин түзүү маселеси талкууланды. Парламенттин тармактык комитети Жогорку Кеңешти таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү демилгесин колдоду. Кара-Жыгач айылында курулушта каза болгон үч адамдын өлүмү боюнча шектүүлөр кармалды.
Орусияга эмгек миграциясына баргандарга бала-чака, үй-бүлөсүн алып кирүүгө тыюу салуу маселеси талкууланууда. Бул тууралуу Орусия парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Вячеслав Володин да билдирди.
10-сентябрдан кийин Орусияда "кара тизмеде" калган кыргыз жарандарын эмне күтөт? Орус бийлиги мигрант балдардын 90 пайыздайын мектепке кабыл алган жок. Ата-энелер эми кайда барат? Кыргыз бийлиги жарандарын коргоо үчүн эмне кылышы керек?
12-сентябрь күнү Чүйдүн Ак-Бешим айылында эки баласын өлтүрүүгө шектелип алардын энеси кармалды. Беш баласы бар 34 жаштагы аял учурда тергөө абагында. Бул үрөй учурган окуянын себептери учурда талкууга түшүп, көпчүлүк ар кыл суроолорго жооп издеп жатат.
Израилдин армиясы Газа шаарын бомбалоону күчөттү. Палестин расмий адамдары билдиргендей, жекшембиде кеминде 30 турак жай талкаланды, миңдеген киши үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду. Ошол эле күнү АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио Израилге барды.
Орусиянын Билим берүү жана илим тармагын көзөмөлдөгөн федералдык кызмат чет элдик мигрант балдардын 87,5% мектепке кабыл алынбаганын маалымдады.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын көзөмөлдөөчү реестрине 73 миңден ашуун кыргыз жараны киргизилип, эми алар 11-сентябрдан тарта Орусиянын аймагынан мажбурлап чыгарыларын эскертти. Мындан ары жаңы эрежеге дал келбеген мигранттар эмне болот?
Орусияда “кара тизмеден” чыгуу үчүн мигранттарга берген кошумча убакыт 10-сентябрда аяктайт. Буга чейин 80-90 миңдей кыргызстандык “кара тизмеде” деп айтылган эле. Орус полициясы ушуга чейин болгону 14 жарым миңдей мигрант документтерин мыйзамдаштырганын билдирди.
Кыргызстанда “Нарын” жана “Казарман” аэропорттору ачылууда. Эки аймак тең тоолуу, каттам шарты катаал. 8-сентябрда биринчи жолу жүргүнчү учактары барды. Президент Садыр Жапаров дагы Нарынга учуп барып, аба майдандын оңдоп-түзөөдөн соң ишке берилишине арналган иш-чарага катышты.
Эркин Жаманбаев көп жыл Кыргызстанда, андан кийин Африка, Канада жана башка жактарда дарыгер болуп иштеп, соңку жылдары Словакияда эмгектенүүдө. Ал азыр саламаттыкты сактоого стратегиялык мамиле, жаңычыл дарылоо ыкмалары боюнча адис. Биз анын жалпы топтогон тажрыйба, билимин салыштырып маектештик.
Бишкектеги мектептерде окуучулардын саны көп болуп, маселе жаралганы парламентте көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешев өкмөттү бул көйгөйгө көңүл бурууга чакырды. Айрым учурда балдардын саны бир класста 50дөн ашып жатканын мугалимдер дагы жашырышкан жок.
Ош шаарынын мурдагы мэри Кадырбаев 4-октябрга чейин камалганы белгилүү болду. Анын бөгөт чарасы 26-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгонун соттон ырасташты.
Дагы жүктөңүз