Кыргыз өкмөтү өлкөдө күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлүшү мүмкүн экенин билдирди. Жакынкы Чыгыштагы абал жана Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна Украинанын соккуларынан улам дүйнөдө кара май кризиси тереңдеп баратат. Кыргызстан абалдан кантип чыгат?
Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн эки айылдын тургундарына жарандык берүү жараяны башталды. Эки эксклавды алуу үчүн Кыргызстан да кошуна өлкөгө “теңме-тең” жер бергенин билдирген. Кайсы жерден, кандай тилке берилгенин жарыялай элек.
АКШга убактылуу иш сапар, туризм, эс алуу, туугандарга жолугуу үчүн бара турган Кыргызстандын жарандарына бул өлкөгө кирүү үчүн 20 миң долларга чейин күрөө төлөө программасы ишке кирди. 3-августтан тартып чектөөгө дуушар болгон дүйнөдөгү 50 өлкөнүн катарында Тажикстан жана Түркмөнстан дагы бар.
3-августта Жогорку сот социалдык тармактарда жазган пикири үчүн соттолуп абакта отурган Каныкей Аранованын жаңы жагдайларга байланыштуу ишти кайра кароо тууралуу арызын карап, аны канааттандыруудан баш тартты.
АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы "жапырт соккулар" токтогондон кийин тараптардын сүйлөшүүлөрү 3-августта башталарын айтты. Иран азырынча сүйлөшүүлөрдүн датасын да, ага катышууга даяр экенин да ырастай элек.
Кыргызстан Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү май ташып келүүнү макулдашты. Андан тышкары Азербайжан менен мунай жеткирүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Күйүүчү май кризисинен улам Кыргызстан бул жаттагы импортту диверсификациялоо аракетин көрүүдө.
Жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, өкүлчүлүк мурда миграция маселелери боюнча гана иш алып барса азыр ИИМдин расмий өкүлчүлүгү катары дагы иштейт. Бул мигранттар үчүн мүмкүнчүлүкпү же көзөмөлдүн күчөшүбү? Кыргызстандын дагы миграция жана ИИМ өкүлчүлүгү Орусиянын айрым шаарларында иштейт.
Жайдын чилдесинде Ысык-Көл бул күндөрү Борбор Азиядагы улам бир президентти тосуп алып жатты. Бир күн мурун Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиёевдин, 31-июлда Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин сапары өттү. Андан соң Борбор Азия жана Азербайжандын башчыларынын бейформал жолугушуусу болду.
Чолпон-Атадагы 31-июлда башталып жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын лидерлеринин бейформал жолугушуусу Украинадагы согуш күчөп, Орусияда мунай базаларына жасалган украиналык дрон чабуулдарынан улам аймактагы бир катар өлкөлөр бензин кризисине кириптер болгон учурга туш келди.
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Чолпон-Ата шаарындагы жолугушуулардын жыйынтыгында 12 документке кол коюлду. Эки коңшу өлкө ортосунда союздаштык мамиле жөнүндө келишим түзүлүп, Мирзиёевге биринчи даражадагы "Манас" ордени тапшырылды.
УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов “75чилердин каты” боюнча Биринчи май райсотунун өкүмүнө каршы Бишкектин сотуна апелляциялык арыз бергенин билдирди. Бишкек шаардык соту азырынча маалымат бере элек. Апелляциялык арыз качан каралары азырынча белгисиз.
Февралда Камчыбек Ташиев иштен алынганда УКМКнын дарегине көп доомат коюлуп, реформа чакырыктары айтылган. Улуттук коопсуздук органын 20дай киши жетектеди. Көпчүлүгү кызматтан чуу менен кетип, кийин жоопко тартылган учурлар болду. “Азаттык” атайын кызматты жетектеген төрагалар тууралуу айтып берет.
Дагы жүктөңүз