Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров расмий сапар менен Италияга барып, анын лидерлерине жолукту. Бул соңку 25 жылдагы кыргыз президентинин Римге алгачкы сапары болуп калды.
Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи 4-октябрдагы жума намазда кайрылуу жасайт деп күтүлүүдө. Израил Ливанга аба соккуларын күчөтүп жатканда, Жакынкы Чыгышта жаңжал ырбап кетиши мүмкүн деген кооптонуу күч алды.
Өткөн аптада Өзбекстандагы мектептердин биринде болгон жаңжал Орусия менен Өзбекстандын ортосунда дипломатиялык кайым айтышууга негиз болду.
Орусиянын армиясы Украинанын аймактарын абадан аткылоону улантууда. НАТОнун жаңы башчысы Марк Рютте Киевге күтүүсүздөн барды. Аскердик аналитиктер Угледарды басып алгандан кийин орусиялык күчтөр чабуулун улантып, алдыга баратканын маалымдашты.
11 журналисттин сотунда шектүүлөрдүн дээрлик бардыгы акыркы сөзүн сүйлөп, өкүм чыгаруу кийинки отурумга калды. Ливан Израилдин соңку соккуларынан ондогон киши набыт кеткенин кабарлады. Түнкү чабуулдардан каза болгондордун арасында жети киши медицина кызматкери жана куткаруучу бар экени маалым болду.
Орус күчтөрү Украинанын аймактарын аткылоону улантууда. 3-октябрга караган түнү 100дөн көп дрон жана бир нече башкаруучу авиабомбалар менен чабуул коюлганын украин армиясы билдирди. Угледардын орус күчтөрүнүн көзөмөлүнө өтүшү эмнени билдирет? Ал согуштун нугуна кандай таасир тийгизет?
Иран Израилге каршы ракеталык чабуулун токтотту. Расмий Тегеран 2-октябрда тараткан маалыматка караганда, зарылчылык болбосо чабуул кайра жанданбайт. 1-октябрдын кечинде Израилдин абадан коргоо системасы Ирандын 180 ракетасынын көбүн атып түшүргөнү кабарланды.
Президент Жапаров Өзгөн айланма жолун Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев салып жатканын ырастады. Иран Израилге каршы ракеталык чабуулун токтотконун билдирди. “Кыргызгеология” 2025-жылы Нарындагы Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштерин баштайт.
Иран Израилге каршы ракеталык чабуулун токтотту. Расмий Тегеран тараткан маалыматка караганда, "зарылчылык болбосо" чабуул кайра жанданбайт. 1-октябрда Израилдин абадан коргоо системасы Ирандын 180 ракетасынын көбүн атып түшүргөнү кабарланды.
Кыргызстандын өкмөтү Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин ичинде миграциялык мыйзамдарды катаалдаштыруу демилгелери тууралуу үн катып, жаңы чаралар уюмдун келишиминдеги нормаларга карама-каршы келбеши керектигин билдирди.
1-октябрда Израилдин жөө аскерлери Ливандын түштүгүнө кирип барып, жердеги операциясын баштады. Израил бул операциясы "Хезболлага" каршы гана багытталганын билдирүүдө. "Хезболла" Израилдин аймагын 1-октябрда да аткылады.
Дагы жүктөңүз