Кыргызстандын "Манас” аэропорту Суданда атып түшүрүлгөн Ил-76 жүк ташуучу учагынан табылган Виктор Гранов аттуу кишиге берилген мекеменин күбөлүгү (тархетка) боюнча түшүндүрмө берди. Анда Орусиянын жараны Грановго документ Бишкектен Ошко учакты жеткирүү үчүн май айында берилгени айтылат.
Орус армиясынын соккусунан Сумы облусунда үч кишинин өмүрү кыйылып, көп кабаттуу үйлөр талкаланды. Ал эми украин дрондорунун чабуулунан Орусияда үч спирт, бир каучук заводу, жылуулук электр станциясы жабыркаганын жергиликтиүү бийлик билдирди.
Бозгундагы динаятчы, Эрдогандын эски өнөктөшү Фетхулла Гүлен 83 жашында дүйнө салды. Молдовада президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп, президент Майя Санду орусиячыл социалист Александр Стояногло менен атаандаш болот. Бишкек шаардык прокуратурасынын эки кызматкери УКМКнын тергөө абагына камалды.
Молдовада 3-ноябрда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында мамлекет башчы Майя Санду жана мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло ат салышмай болду.
Киевде түнкү клубдар менен ресторандарда армиянын катарын толуктоо үчүн рейд жүргөнү тургундардын түрдүү реакциясын жаратты. Орусиянын агрессиясына туш болгон өлкөдө 25-60 жаштагы эркектер аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү.
Молдовада президенттик шайлоо боюнча берилген добуштардын 98% ашыгы саналды, учурдагы мамлекет башчы Майя Санду алдыда келатат. Ал экинчи айлампада орусиячыл социалист Александр Стояногло менен атаандаш болот.
АКШ жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун лидери Яхья Синвар Газада жок кылынгандан кийин Иран Израилге каршы күрөштү күчөтөрүн жарыялады. АКШ Синвардын жок кылынышын кубаттап, эми Газадагы ок атышууну токтотууга чакырды.
Чаткалда кар көчкүдө калган алты жарандын үчөөнүн сөөгү табылып, тик учак менен жеткирилди. Дайынсыз жоголгон дагы эки жаранды издөөгө кошумча күч тартылды. ХАМАС тобунун лидери Газада жок кылынган соң, Иран Израилге каршы күрөштү күчөтөрүн жарыялады. Киев эң узак дрон чабуулуна кабылды.
АКШ жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун лидери Яхья Синвар Газада өлтүрүлгөндөн кийин Иран Израилге каршы күрөштү күчөтөрүн жарыялады. АКШ Синвардын жок кылынышын кубаттап, эми Газадагы ок атышууну токтотууга үндөдү. Израилдин бийлиги азырынча согуш токтобостугун ишарат кылды.
Соңку жылдары борборазиялык айдоочулар Литванын логистика тармагынын ишенимдүү бөлүгүнө айланды. Жыл сайын жүздөгөн айдоочу Литвага жүк ташыган фура айдап, акча табуу үчүн келет. Бирок узак сапарга чыккандардын арасында катаал шартта иштеп, укугу одоно бузулгандары да аз эмес.
Украин президенти Владимир Зеленский Еврошаркеттин жана НАТОнун лидерлерин “жеңиш планынын” мазмуну менен тааныштырды. Орусиянын агрессиясына чекит коюуга жардам берет деген долбоорду ал алдыңкы күнү Жогорку Радага алып чыккан. Зеленскийдин планын катардагы украиндер ар түрдүү талдап жаткан кези.
Төө-Ашууда кар жаап, Бишкек-Ош автоунаа жолунда түнкүсүн миңдей автоунаа тыгында калды. Украин президенти Владимир Зеленский Орусияга каршы согуштагы "жеңиш планын" көрсөттү. Парламенттин комитеттери интернетте жана медиада жалаа жабууга айып пул салган мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Дагы жүктөңүз