The New York Times Кыргызстанды Орусияга каршы санкцияларды кыйгап өтүүдө колдонулган A7 каржы түйүнүндөгү негизги өлкөлөрдүн бири деп атады. Кыргыз бийлиги мындай дооматты четке кагып, өлкө санкциялык чектөөлөрдү сактай турганын жана согушка тиешеси бар товарларды экспорттобогонун билдирип келет.
Кыргызстанда президенттик шайлоого расмий старт берилип, саясий иш-чаранын эрежелери аныкталды. Ал тапта “75чилердин иши” боюнча айыпталуучулардын колуна соттун өкүмү тийди. Каспий деңизиндеги 14 аскердин өмүрүн алган трагедиядан кийин Казакстандын коргоо министри алмашты.
Жасалма интеллект АКШ менен Кытайдын мамилесиндеги жаңы, маанилүү маселелердин бирине айланууда. Эки держава бул чөйрөдө технологиялык лидерлик үчүн күрөшүүдө. Ошол эле маалда экөө тең жасалма интеллект көзөмөлдөн чыгып кетсе, анын арты олуттуу коопсуздук көйгөйлөрүнө алып келерин жакшы түшүнөт.
Каспий деңизиндеги машыгууда 14 аскер курман болду. Орусияда акыркы маалда мигранттарды текшерүү күчөп кеткени маалым болду. Нью-Йоркто жүрүшкө чыккандар Газадагы согушту айыптап, Израилдин өкмөт башчысын камоого чакырды.
Си Цзинпин 11 жылдан бери биринчи жолу АКШга мамлекеттик сапар менен барды. Ал акыркы жолу мамлекеттик сапар менен 2015-жылы болгон. Бул жолу президент Дональд Трамп менен жолугушууларда Иран, Тайван, жасалма интеллект жана соода согушуна байланышкан маселелер талкууланмакчы.
22-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын жалпы дебаты башталды. Садыр Жапаров өз сөзүндө Украина, Иран, Судан жана Газадагы окуяларды атап, дүйнөдөгү согуштар менен гуманитардык кризистер эл аралык процесстердин татаалдашканын көрсөтүп турганын айтты.
Жаңы окуу жылынын башында Чаткалда 9-класстын, Сузакта 10-класстын окуучусу каза болду. Мектептеги балдардын коопсуздугун ким коргойт? Берлиндин мэри түркиялык мигранттардын кызы Элиф Эралп болуп калышы ыктымал. 45 жаштагы саясатчы Нью-Йорктун мэри Мамданиден үлгү алганын айтты.
Немис башкалаасын түркиялык мигранттардын кызы Элиф Эралп башкарып калышы ыктымал. Анын солчул партиясы Берлиндеги шайлоодо 26% чукул добуш топтоп, биринчи орунга чыкты. 45 жаштагы саясатчы мэр болушу үчүн эми коалиция түзүшү керек.
Йемендеги хуси козголоңчулардын Сауд Арабияга сокку уруп, дүйнө мунайынын 6% ташылган Баб-эл-Мандеб кысыгын өз көзөмөлүнө алуусу глобалдык алкакта олуттуу кесепеттерге алып келиши ыктымал. Ормуз кысыгындагы кыймыл токтоп калгандан бери Сауд Аарабия экспортунун 75% ушул жолго багытталган болчу.
Украина Москвага дрон менен жапырт сокку урду. Бул чабуул Орусиядагы парламенттик шайлоонун акыркы күнү болду.
Москва Украинага каршы согуш баштагандан бери орусиялыктар алгачкы жолу Мамдуманын депаутаттарын шайлап жатат. Парламенттин төмөнкү палатасындагы 450 мандат үчүн 10 партия ат салышууда. Согушка каршы позициядагы жападан-жалгыз "Яблоко" партиясын Жогорку сот шайлоонун алдында четтетип салды.
Дагы жүктөңүз