АКШ президенти Дональд Трамп 13-майда Бээжинге барды. Ал Кытай лидери Си Цзинпин менен биргеликте саммитке катышары күтүлүүдө. Бул жыйын учурда көпчүлүктүн көңүл борборунда. Себеби, Ирандагы согуш дүйнөнүн эң ири эки экономикасынын ортосундагы мамилени турукташтыруу аракеттерине көлөкө түшүрүүдө.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин мурдагы эң жакын жардамчысы ири коррупциялык иш боюнча тергөөнүн чордонунда калды. Бул Киевдин согуш маалындагы жетекчилиги үчүн эмнени билдириши мүмкүн?
Орусия менен Украинанын ортосунда үч күндүк «элдешүү» мөөнөтү аяктагандан кийин Киев кайрадан аткыланды. Украин президенти билдиргендей, 12-майга караган түнү орус армиясы 200дөн ашык дрон менен чабуул койду. Өлкөнүн өзүндө коррупцияга байланыштуу чуу уланууда.
Иран Американын согушту токтотуу боюнча сунушуна жооп берди. АКШнын президенти Дональд Трамп аны "кабыл алынгыс" деп баалады. Ал тапта Ормузду курчоого алуу уланып жатат, кысык мурдагыдай эле жабык.
Иш-чараны орусиялык олигарх Илан Шорго таандык уюм каржылаганы ачыкка чыкты. Орусиянын Украинага каршы согушунда колдонулган “Z” белгиси жана “Георгий” тасмасы, аскердик техниканын сүрөт-видеолору “пропаганда” катары бааланууда.
Украинадагы согушта Орусиянын жоготуусу барган сайын өсүп жатат. "Медуза" жана "Медиазона" долбоорлорунун биргелешкен соңку иликтөөсүндө каза тапкан орусиялык аскерлер 2025-жылдын аягына карай 352 миңге жеткени айтылат.
Бул даректүү тасмада Украинадагы согушта дайынсыз жоголгон жоокерлерди издеп, алардын өздүгүн аныктаган каармандардын эмгеги, ошондой эле жакындарын издеген миңдеген үй-бүлөлөрдүн кайгысы чагылдырылган.
Эмки шейшемби 12-майда Венада Eurovision ыр сынагы башталганы жатат. Эксперттер бул мурда болуп көрбөгөндөй саясий талаш-тартыш менен коштолгон маданий иш-чара болорун болжолдошот. Буга чейин Израилдин катышуусуна нааразы бир нече өлкө сынакка бойкот жарыялаган.
Орус бийлиги бардык мамлекеттерди Киевден өз дипломаттарын чыгарып кетүүгө чакырды. Мындай чакырыкты эгер украин армиясы 9-майда Москвага сокку урса, сөзсүз жооп кайтарылат деп түшүндүрдү.
Испания Канар аралдарына кооптуу хантавирус катталган MV Hondius саякат кемесин кабыл алууга макул болду. Лайнердин бортундагы үч турист буга чейин вирустан көз жумганы, илдет жайылып жатканы кабарланууда. Илдет кемирүүчүлөрдөн жугат, бирок бул бул жолу адамдан адамга жуккан болушу мүмкүн.
Дагы жүктөңүз