Орусиянын президенти Владимир Путин Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз болсо, максатына аскердик жол менен жетерин кыйытты. Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский жана бир катар европалык лидерлер Парижде сүйлөшүүлөр үчүн чогулду.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Бээжинге Орусиянын президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын баш болгон 20дан ашуун мамлекет башчысынын башын бириктирди. Анда парад өтүп, жаңы куралдардын көргөзмөсү болду.
Ооганстанда жер титирөөдөн набыт болгондордун саны 1400дөн ашты. Кызыл Чырым коому дагы үч миңден көп киши жаракат алып, сегиз миңден ашык турак жай кыйраганын билдирди. Алай районунда “Эркечтам” бажы бекетинин аймагында милиция кызматкерлери менен жаңжалдашкан үч кытайлык жаран кармалды.
Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын чек араларынын кесилишкен жеринде эки кыргыз жараны өзбек чек арачыларынын огунан каза тапканы жарым айдан кийин гана белгилүү болду. Окуяны эки өлкөнүн Чек ара кызматтары иликтейт.
Израил армиясы Газа шаарын толук басып алуу үчүн даярдыкты күчөтүп, бир миллиондой тургунду жер которууга мажбур кылууда. Украина Киевдеги жапырт чабуулдун курмандыктарына аза күтүүдө. Кыргызстанда медициналык адистерди даярдоого мамлекеттик монополия кирди.
Орусия ракета жана дрон менен украин шаарларына чабуул койду. Соккудан кеминде 15 киши набыт болуп, 50гө чукул адам жараат алганы кабарланды. Бишкектин четиндеги “Красный строитель” конушунун тургундары митингге чыгышты.
Жениш чокусунда калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинаны куткаруу жана эки ирандык альпинист Марьям Пилехвари менен Хасан Сейфоллахты издөө иши кийинки жылга чейин токтотулду. Орусия Украинанын үч облусуна абадан сокку урду, Днепропетровскиде кармаштар уланууда. Кумтөрдө эмне өзгөрдү?
Газанын түштүгүндөгү Насер ооруканасына атылган ракетадан медиктер, жай тургундар, журналисттер болуп, кеминде 20 киши набыт болду. Рейтер, Ассошиэйтед Пресс агенттиктери Израилден беш журналисттин өлүмү үчүн жоопкерчилик алууну талап кылды.
Орусиялык альпинист Наталья Наговицинаны издөөнү токтотуу тууралуу соңку чечим кабыл алына элек. Куткаруу операциясына эл аралык альпинизмдин өкүлдөрү кошулганы кабарланды. Жеңиш чокусуна дагы бир дрон учурулат. Буга чейин альпинистти куткаруу операциясы токтотулганы айтылган эле.
Жеңиш чокусунда калган Наталья Наговицинаны куткаруу операциясына эл аралык альпинизмдин өкүлдөрү кошулду. Ысык-Көлдүн Тоң районунда катуу жаандан кийинки сел бир нече үйдүн короосун каптады. Москва Украинадагы курал-жарак кампасын аткыласа, Киев Орусиянын мунай ишканасына жана портуна сокку урду.
Москва Украинадагы курал-жарак кампасын жана башка жайларды аткыласа, Киев Орусиянын мунай ишканасына жана Балтика деңизиндеги эң ири портуна сокку урганы кабарлады. Жекшембиде Орусия менен Украина 146дан туткун айырбаштады. 24-авугстта Украина эгемендик күнүн белгиледи.
Дагы жүктөңүз