Август айынын ортосунда Украинадагы согушту токтотуу аракеттери ыкчамдап, дүйнөнүн назары бурулду. Алгач Аляскадагы Трамп-Путин жолугушуусу, андан кийинки Вашингтондогу Зеленский жана Европанын лидерлеринин Трампка зыяраты Украинадагы согушту токтото алабы деген суроого жооп издедик.
Саясий айдыңда Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы тарап, күзүндө эрте парламенттик шайлоо өтөрү жөнүндө сөз күчөдү Британия Бишкектеги “Капитал банкка” жана анын жетекчисине санкция салды. Лондон Орусия бул банкты аскердик максатта колдонгон деп билдирди.
Украинадагы урушту токтотуу үчүн Путин менен Зеленский жолугушары мүмкүн деп турганда Москва кандуу чабуулдарын улантууда. Орус армиясы өткөн түнү Украинага дрон жана ракеталар менен чабуул койду. Москванын бутасына Украинынан батышындагы облустар, анын ичинде Львов жана Мукачево шаарлары алынган.
Кыргызстанда эттин баасы кымбаттап кеткенине ким күнөөлүү? Атайын кызмат бир нече кишини кармады. Орус армиясы Украинанын Сумы жана Одесса облустарына сокку урду. Израил ХАМАСтан барымтадагы туткундарды толук кайтарууну талап кылды.
Чолпон-Атада ур-токмоктон каза болгон Алтынбек Абдыжапаровдун өлүмү иликтенет. Зеленский менен Путин акыры бетме-бет отурабы? Ошто 23 жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзүп келген “Ак жүрөк” кризистик борбору имаратсыз калып, ага кайрылган жарандарды жайгаштыруу маселеси чечилбей турат.
Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолукту.Трамп Украинада тынчтык орнотууда жылыш бардыгын айтты. АКШ президенти эгер баары өз нугунда кетсе, Украина, Орусия жана АКШ президенттеринин катышуусунда үч тараптуу жолугушуу уюштуруларын шардана кылды.
Миңдеген израилдиктер жекшембинин кечинде Тель-Авивде нааразылык акциясына чыгышты. Бул Газа тилкесинде барымтада отурган туткундардын жакындарын колдоо көрсөтүү үчүн өлкө боюнча башталган иш таштоонун бир бөлүгү болду.
Индия, Пакистан, Непалда катуу жамгырдан кийинки сел 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алды, дагы жүздөгөн тургун дайынсыз. Аляскадагы сүйлөшүүдө Путин Крымды Орусияныкы деп таанууну сунуштаганын маалымат агенттиктери жазды. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгын Украина жана Европа лидерлери Вашингтондо талкуулашат.
Кыргызстанга Орусиянын премьер-министри Мишустин расмий менен сапар менен келди. Аляскада өтчү АКШ-Орусия лидерлеринин саммитин утурлай Украина менен Орусия бири-бирине дрон чабуулун күчөттү. Кыргыз өкмөтү эттин баасын 700 сомдон ашырбоону талап кылууда.
Аляскада Трамп менен Путин жолугуп, Украинадагы урушту токтотуу боюнча сүйлөшүүгө саналуу күн калганда майданда кырдаал курчуй баштады. Сеулдагы сот Түштүк Кореянын мурдагы президенти, оор кылмышка шектелип жаткан Юн Сок Ёлдун аялы Ким Кон Хини камакка алды.
Бишкек мэри "Ататүрк" паркына үй салгандар менен мунаса табылганын айтты. Айбек Жунушалиев cейил бакта курулган турак үйлөр бузулбай турганын, алардын ээлери паркты өнүктүрүүгө каражат берерин билдирди.
Дагы жүктөңүз