Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:22

Борбор Азия

Учкучсуз учуучу аппарат.
Учкучсуз учуучу аппарат.

Мекеме долбоор жарандык авиацияда учкучсуз учуучу аппараттардын ишин жөнгө салуу, аларды пайдалануунун тартибин аныктаган нормаларды киргизүү максатын көздөйт деп түшүндүрдү.

Аталган агенттик талкууга чыгарган мыйзам долбоору "АПКР‑6. IV бөлүк. Аба кемелерин эксплуатациялоо. Учкучсуз учуучу аппаратар" деп аталат.

Чет өлкөлөрдөн дрон алып келип Кыргызстанда учурууну каалагандар жана өлкөдөгү дрон ээлери бул эрежелерге шайкеш иш алып барышы керек болот.

Дрондорду каттоо жана реестрге киргизүү, аны башкарган операторго атайы сертификаттарды берүү, анын милдеттерин так аныктоо, дронду учуруу боюнча уюштуруу иштерин пландоо, дронду белгилүү бир бийиктикке учуруу, тартууга болбогон аймактар жана башка бул жааттагы бир катар талаптар жана милдеттемелер коомдук талкууга коюлган документте камтылды.

Мындай эрежелер башка укуктук актыларга өзгөртүү киргизүүнү, республикалык бюджеттен кошумча каржылык чыгымдарды талап кылбай турганы да айтылды.

2021-жылы эле учкучсуз аппараттарды учуруу жөнүндөгү нускама чыкканы менен буга чейин андагы талаптар көзөмөлдөнбөй келгени белгилүү болду.

Буга чейин бир нече операторлордун дрондорун укук коргоо органдарынын кызматкерлери алып, 7500 сомдон айып пул төлөшкөн.

Алардын бири дронго видео тартып жүргөн Талгат Арыкбаев учкучсуз аппарат жөнүндө атайын нускама бар экенин ошондо билгенин айтып берген эле.

Талгат Арыкбаев.
Талгат Арыкбаев.

"Арабызда беш-алты кишинин дронун милиция кызматкерлери алып коюшкан. Сот аркылуу алып кетесиңер дешкен. 7500 сом айып жазышкан экен", - деди Арыкбаев.

Ноябрь айында авиациялык институтта бир канча жаран авариялык кырдаал, коопсуздук сыяктуу эрежелерди үйрөнө баштаган. 2-3 жума окуп бүткөндөн кийин аларга бериле турган сертификаттын мөөнөтү чектелбейт.

Журналисттердин тынчсыздануусу

Мыйзам долбоорунда калк жашаган жерлерди тартуу үчүн УКМК, ИИМ жана жергиликтүү бийликтен уруксат алыш керек экени да жазылган.

Кыргызстанда бир топ көйгөйлөр дрон менен тартылып көрсөтүлүп келет. Блогерлер дрондору кармалганын жана атайын окуудан өткөнү айтылгандан кийин айрым журналисттер бул эреже тандалма жүрүп же эркин журналисттердин, блогерлердин ишмердигин чектеши мүмкүн деген кооптонуусун айтышкан.

"Журналисттик иликтөө эмес, репортаж тартканда деле дрон ошол көйгөйдүн масштабын көрсөтөт. Жакында биз "кызыл китеп" боюнча Учкун-2 конушун тарттык. Чукул, жарым сааттын ичинде тартуу ишине чыгып кеттик. Эми да ошондой учур болуп калса, “жарандар чогулуп жатабыз, чагылдырып бергиле, сураныч, бийликке үнүбүздү жеткирип бергиле” десе, биз тиешелүү органдан уруксат сурап жүрсөк убакыттан уттурабыз. Уруксат береби-бербейби кепилдик жок. Себеби, жарандар райондук администрациянын, мамлекеттик каттоо кызматынын алдына чогулушу мүмкүн. Дрон журналисттик материал үчүн өтө маанилүү", - деди журналист Асел Сооронбаева.

Борбор Азиянын өлкөлөрүндө дрон тартуу боюнча бир топ чектөөлөр бар. Казакстанда авиакырсыкты тарткан блогер милицияга жеткирилип, айып пул төлөп чыккан.

Сөз болгон долбоор колдоо таап, ишке кирсе Кыргызстанда дрон сатып алып видео тартып, акча табам же жөн эле кооз жерлерди тарткым келет дегендер да атайын окуудан өтүп, дронун каттатышы керек болот.

Курстун узактыгы 2-3 жумага созулуп, акчасы тайпадагы кишинин санына жараша 12-21 миң сомдун тегереги болушу ыктымал.

"Борбор Азияны билбеген жапондор көп"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:42 0:00

Президент Садыр Жапаров Токиого расмий сапарынын алкагында 19-декабрда Жапониянын императору Нарухито менен жолукту. Өлкө башчы визиттин алкагында “Борбор Азия – Жапония” форматындагы алгачкы саммитке катышат жана Борбор Азия – Жапония бизнес форуму да өтөт. Аталган саммит 2024-жылдын августунда Казакстанда “Борбор Азия – Жапония” диалогунун 20 жылдыгына карата өтөрү пландалган болчу. Бирок жапон делегациясынын сапары жер титирөө коркунучуна байланыштуу үзгүлтүккө учураган.

Дагы жүктөңүз

 

XS
SM
MD
LG