Кыргызстандын басма ишине зор салым кошкон ишкер Тилек Тураркул уулу Мураталиев 60ка караган жашында жүрөгүнөн кармап дүйнө салды. Т.Чоротегин эскерет.
2010-жылдагы революциядан кийин качып барып, аты-жөнүн Даниил Урицкий деп өзгөртүп алган Данияр Үсөновду Беларустун кайра шайланганы кабарланган президенти Александр Лукашенко «чынчыл, принциптүү» деп мактады.
Даңазалуу казак чыгыш таануучусу, академик Болот Эшмукамбет уулу Көмөков агайдын мааракесине арналган кыргыз тарыхчысынын блогу.
Жакында Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин чыгармаларынын үч томдук жыйнагы жарык көрдү. Ага жазылган акын Жыргалбек Касаболотовдун баш сөзүн окурмандарга сунуш кылабыз.
Гүлнара Каликова Кыргызстандын экономикасынын абалына сереп салат.
Таажы вирусуна каршы өзгөчө чаралар маалында өткөрүлгөн жаткан парламенттик шайлоодогу талапкер тандоо көйгөйлөрү жөнүндө блоггер Элмурат Кочкор уулунун ой толгоосу.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги «16 миллион сомго кайсы китептерди чыгаралы?» деп элден сурады эле, түркүн тизмелерди ар ким сунуш кылды. Биз китепкөйлүк салтын жандандырууга багытталган ушул иштин натыйжалуулугу боюнча бир катар суроолорду талкуулайлы.
КЭРдин борбору Бээжинде байырлап, «Манас» таануу жаатында белсенип эмгектенип жаткан кытайлык кыргыздардын чыгаан өкүлү Адыл Жуматурдунун бейнеси тууралуу бишкектик замандашынын блогу.
Австралиядагы жана Ала-Тоодогу тоо-кен компаниялары тарыхый мураска жана экологияга кайдыгер мамилеси үчүн кескин сынга кабылууда. ЮНЕСКО аркылуу заттык жана заттык эмес маданиятты, тарыхый мурасты сактоо урааны чакырылып келет. Кыргызстандыктар да бул кыймылга үн кошууда. Тарыхчынын блогу.
Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Жусуп Мамайдын чыгармачыл мурасын терең үйрөнүү зарыл. Адабиятчы Назгүл Турдубаева “Ж.Мамайдын “Манасынын” түп нускасын билбегендердин калпыстыгына түзөтүү киргизүү” чакырыгы камтылган блогун сунуштайт.
Кыргызстандын борбор шаарынын тарыхый аталышын калыбына келтирүүнүн өзү да 1990––91-жылдардагы эгемендик үчүн күрөштүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Тарыхчынын блогу.
«Күз айына белгиленген парламенттик шайлоону кийинкиге жылдыруу керек, андан көрө бар күчүбүздү таажы вирусуна каршы жумшайлы» дешет бир катар таанымал саясатчылар.
Дагы жүктөңүз