Парламенттик-президенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтүүнү самагандар арбын. Бирок маселе – өкүлчүлүк органына жана башкаруучулукка сапаттуу талапкерлерди тандоо үчүн аң-сезимдүү жана жигердүү шайлоочулар катмарын жаратууда, деп эсептейт блогчу Элмурат Кочкор уулу.
Мыйзамды бекем сактоо зарылчылыгын оболу жетекчилердин мыйзам алдындагы жоопкерчилиги менен байланыштыруу кажет. Эгерде төбөл өзү мыйзамды айланып өтсө, анда залимдик режим калыптанат. Ж.Турдубаевдин блогу.
Сиздер "Сүйүү өнөрүнөн" кабардарсыздарбы? Даңазалуу ойчул жана илимпоз Эрих Фромм 1956-жылы жазган ушундай аталыштагы китептин мазмунун блогчу Аким Кожоев өз дилинен өткөрүп чечмелейт.
Ала-Тоодогу аткаминерлер курулай тил эмизбестен, дүйнөнүн заманбап саамалыктарын да үйрөнүүсү жана колдонуусу кажет. Кыргызстандын кыйла мүмкүнчүлүктөрү куру убадага бастырылып калууда. Шайлообек Дүйшеевдин кезектеги блогу.
Конституциялык палата 2-декабрда өз отурумун өткөрөт. Ал Кыргызстанда Баш мыйзамдын талаптарын бийлик бутактары кандайча аткарып жатканын көзөмөлдөй алчу чыныгы орган экенин тастыктай алабы? Медербек Айтмырзаевдин блогу ушул маселеге арналат.
Демократияны чар-жайыттык, анархиялык кырдаал катары жаңылыш аңдагандар аз эмес. Чын-чынында, “демократия” менен “тартип” түшүнүктөрү бири-бирин толуктап турат. Публицист Жолдош Турдубаевдин кезектеги блогу.
Жер жүзүнүн аркы бетиндеги азап да бул жактагы акындын жүрөгүн тилет дешет эмеспи. Акын Шайлообек Дүйшеев өз блогунда туңгуюктан жол издеген мекендештерин Финляндиянын руханий ж.б. сабактарын астейдил үйрөнүүгө чакырат.
Башмыйзамдын сунушталып жаткан долбоору жаатында коомчулукта ар кыл көз караштар туш тараптан айтылууда. Публицист Илим Жанузаков элдин жана Жогорку Кеңештин алдында нагыз жоопкерчиликке ээ төбөл жетектей турган, сот көз карандысыз болгон мамлекеттик башкаруунун зарылдыгын баса белгилейт.
Башмыйзам долбоорун талкуулоо жүрүмү кээде кайым айтышуу менен коштолууда. Эмесе, кескин сөздөргө түрткөн жагдайларды биргелешип түшүнүүгө аракет кылалы. Жолдош Турдубаевдин блогу.
Тоолуу Карабак автоном облусу 1988-жылдан тартып Азербайжан ССРинин курамынан чыгуу далаалатын жасап, ал эми 1991-жылы өзүн көз карандысыз “республикасы” деп жарыялаган. Анын коруучусу болгон Армения бул аймактын эгемендигин алигиче тааныбагандыгынын себептери арбын. Тарыхчынын блогу.
Кечээ жакында ушу суроону бере коюп балээге калдым. Аудитория ар кандай жооп узатты.
Дагы жүктөңүз