Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:26

Сүйүү деген – сүйүү эмес бетиңден…


Жашоо - керемет!
Жашоо - керемет!

Сиздер "Сүйүү өнөрүнөн" кабардарсыздарбы? Даңазалуу ойчул жана илимпоз Эрих Фромм 1956-жылы жазган ушундай аталыштагы китептин мазмунун блогчу Аким Кожоев өз дилинен өткөрүп чечмелейт.

Жыйырманчы кылымдагы немистин атактуу философу, психоаналитиги, неофрейдизм жана фрейдомарксизмдин негиздөөчүлөрүнүн бири Эрих Фромм (Erich Seligmann Fromm; 1900--1980) өзүнүн «Сүйүү өнөрү» («Die Kunst des Liebens») деген даңазалуу эмгегинде адам өзүнө берилген өлчөлүү өмүрүндө тынымсыз изденип, рухий-интеллектуалдык жактан өзүн өстүрүп турууга милдеттүүдөй эле, сүйө билиш үчүн да такай эмгектениши керек дейт.

Эрих Фромм. 1974-жыл.
Эрих Фромм. 1974-жыл.

Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмонов: «Сүйүү деген – сүйүү эмес бетиңден, сүйүү деген – сүзүп өтүү деңизден», – деп жазганындай, сүйүү тек ышкы отуна жанып кумардануу, бирөөнү акылдан аза жакшы көрүп, эс-мас болуу эле эмес экен.

Көрсө, сүйүү да албан мээнетти талап кылган, өзүнчө үйрөнө турган өнөр тура. Бул турмушта башка нерселерди окуп-үйрөнгөнүбүздөй эле, сүйүүнү да үйрөнүшүбүз, билишибиз керек экен. Айрымдарыбыз бүт өмүрүбүздү көр тириликке сарптаганыбыз менен, адам баласынын бактысынын туу чокусу болуп саналган сүйүүгө, аны үйрөнүүгө, аны аңдап-баамдоого такыр маани бербейт экенбиз.

Эрих Фроммдун оюнча, сүйгөн кишибизди аздектеп эле тим болбостон, биринчи кезекте анын жетик инсан катары калыптанышы үчүн ар тараптуу кам көрүшүбүз зарыл. Тагыраагы, өз көз карашыбызды таңуулабай, эркиндигин чектебей, ошол эле учурда анын өсүп-жетилиши үчүн кызыкдар болушубуз абзел. Мындан да маанилүүсү, жандай көргөн кишибиздин өмүрү, тагдыры, келечеги үчүн бардык жоопкерчиликти мойнубузга алганда гана сүйүүгө татыктуу болобуз.

«Сүйүү – сүйгөн кишиңдин жашоосу менен жашоо», – деп Лев Толстой айткандай, ошондо гана жан-тенибиз биригип, бир бүтүнгө айланабыз. Ансыз күйдүк-сүйдүк дебесек да болот.

Аким Кожоев.
Аким Кожоев.

***

Төмөндө залкар психолог Эрих Фроммдун аталган китебинен айрым үзүндүлөрдү кыргызча келтирдик:

Бул китептен сүйгөндү үйрөнөм дегендер болсо, жаңылышат. Тескерисинче, бул китепте сүйүү ар ким өз деңгээлине жараша баштан кечире берген жашык сезим эмес экендиги айтылат. Китеп эгер киши ийгиликке жетиш үчүн өз инсанын ар тараптуу өнүктүрүүгө умтулбаса, анын бардык аракети текке кетерин ырастайт. Өз жакынын чын ыкластан жакшы көрбөсө, адамгерчилиги, батылдыгы, бекем ишеними болбосо, өзүнө талапты катуу койбосо, сүйүүдөн жолдуу болушу мүмкүн эмес.

***

Адамдар сүйүүнү маанилүү иш эле дебестен, ак эткенден так этип аны самашат, бактылуу жана бактысыз сүйүү тарыхы тууралуу көптөгөн тасмаларды көрүшөт, ашыглык жөнүндө жүздөгөн жеңил-желпи ырларды угушат, бирок алардын бирөө да сүйгөндү үйрөнүү зарыл экенин ойлоп койбойт.

***

Кишилердин көпчүлүгү сүйгүсү келе бербейт, бирок сүйүктүү болгусу келет. Аларды кимдир бирөө жактырып, кастарлап турушун эңсейт.

***

Сүйүү дагы жашоо өнөрү сыяктуу эле өнөр экендигин аңдап-түшүнүшүбүз керек: эгер биз сүйгөндү үйрөнгүбүз келсе, анда бөлөк өнөрдү, айталы, музыканы, боёк сүрөт өнөрүн, устачылыкты, дабагерликти же инженерлик адистикти үйрөнгөндөй эле аны да үйрөнүшүбүз абзел.

***

Сүйүү – бул элеп-желеп болуу эмес – жигердүүлүк, кызыгуу эмес – кол сунуу. Жалпы мааниде сүйүүнүн жигердүү мүнөзүн сүйүү эң мурда алуу эмес, берүү экендигин ырастоо аркылуу сыпаттаса болот. Берүү деген эмне? Бул суроонун жообу жөнөкөй көрүнгөнү менен, ал бир топ татаал жана ачакей.

Берүү – бул бир нерседен баш тартып, бир нерседен айрылып калуу, курмандыкка баруу деген туура эмес пикир өтө кеңири тараган. Түшүнүгү тайкы, сезим-туюму сокур, жүгүнүп же жүгүндүрүп жашагысы келгендер берүүнү дал ушундай кабыл алышат. Чайкоочу мүнөз киши "береген колум алаган" деген түшүнүк менен гана өмүр сүрөт. Ордуна бир нерсе албаса, ал өзүн алданып калгандай сезет. Көкүрөгү туюк адамдар берсем уттурам деп ойлошот. Ошондуктан мындай типтеги көпчүлүк пенделер бергиси келбейт.

Март кишилер үчүн берүү таптакыр бөлөк мааниге ээ. Берүү – бул айкөлдүктүн белгиси. Берүү аркылуу менин жашоого болгон кубанычым толуп-ташып, күч-кубатымды мындан да көбүрөөк сарптай ала тургандай өзүмдү ишенимдүү сеземин.

***

Сүйүү – бул жакшы көргөнүбүздүн турмушуна жана аны ар тараптуу өсүп-жетилишине ашкере кызыкдар болгонубуз. Мындай кызыкдарлык жок жерде, сүйүү да жок. Сүйүүнүн мындай мисалы Жунус пайгамбар тууралуу уламышта абдан сонун баяндалган. Кудай Жунус пайгамбарга Ниневияга барып, анын тургундарына, эгер алар бузук жолдон кайтышпаса жазаланарын эскертүүнү буюрат. Бирок Жунус пайгамбар бул вазийпадан баш тартат, анткени Ниневиянын эли тобо кылса, Жараткан аларды кечирип жиберет деп чочулайт. Ал катуу тартипти жактырганы менен, жүрөгүндө мээрим жок эле. Ал качып баратып элден обочолонууну жана бөлүнүп каалууну символдоштурган киттин курсагына жутулуп кетет.

Кудай аны куткарып, Жунус пайгамбар Ниневияга барат. Ошол жердин тургундарына Жараткандын амирин жеткиргенде, алар чын эле кылган күнөөлөрү үчүн өкүнүп, туура жолго түшүшөт. Ошентип, Кудай аларды кечирет да, шаарды кыйратпоону чечет. Жунус пайгамбар катуу ачууланып, көңүлү чөгөт, себеби ал ырайым берилишин эмес, акыйкаттык орношун каалаган эле.

Акыры ал өзүн аптаптан коргосун деп Кудай өстүргөн дарактын көлөкөсүндө бир аз ачуусун басат. Бирок Жараткан даракты кууратып салганда, Жунус пайгамбар капаланып, Кудайга абдан нааразы болот.

Кудай: «Сен өзүң эмгек кылып өстүрбөгөн, бир түндө өзү өсүп, бир түндө өзү куураган даракты аяп жатасың. Ал эми мен ак-караны жакшы ажырата албаган алты миңден ашуун адамды жана түмөн мал-жандыгы бар ири шаар Ниневияны жок кылып жиберишим керекпи?» – деп жооп берет. Жараткандын Жунус пайгамбарга берген жообун өтмө мааниде түшүнүшүбүз шарт. Ал Жунус пайгамбарга сүйүүнүн маңызы – кимдир-бирөө үчүн мээнет кылуу жана аны жетилтүү үчүн кам көрүү экендигин жышаана кылат.

***

Кам көрүү жана кызыкдар болуу сүйүүнүн дагы бир элементи жоопкерчиликке алып келет. Бүгүн жоопкерчилик көбүнесе кандайдыр сырттан таңууланган милдет катары түшүнүлөт. Бирок жоопкерчилик чыныгы маанисинде баштан аяк ыктыярдуу аракет. Жоопкерчиликтүү болуу – жооп берүүгө даяр болуу. Жунус пайгамбар Ниневиянын тургундары үчүн жоопкерчиликти сезген жок. Ал Библиядагы Кабыл сыяктуу: «Мен иниме кароолчу белем?» – деп сурашы мүмкүн эле. Сүйгөн киши өзүн жоопкерчиликтүү сезет. Анын бир тууганынын иши – анын да иши. Ал өзү үчүн жоопкерчиликти сезгендей эле, бардык жакындары үчүн да жоопкерчиликти сезет.

Эгер сүйүүнүн дагы бир компоненти – сыйлоо болбосо, жоопкерчилик артыкчылыкка ээ болууга жана үстөмдүк кылууга айланып калмак. Сыйлоо – бул коркуу жана аздектөө эмес. Ал сөздүн түпкү маанисине ылайык (геspicere = to look at), адамды кандай болсо дал ошондой кабыл алууну, анын кайталангыс өзгөчөлүгүн аңдап-таанууну билдирет.

Сыйлоо – бөлөк адам кандай болсо, анын өз нарк-насилинен жазбай өсүп-жетилишин каалоо. Ошентип, сыйлоо – бул бирөөнү пайдалануу эмес. Мен жактырган адамым мага кызмат кылышы үчүн эмес, өзү үчүн, өз жолу менен өсүп-жетилишин каалайм. Эгер мен бөлөк адамды жакшы көрсөм, ал кандай болсо, дал ошол турушунда (мен каалагандай эмес, же менин максаттарыма жетүүдөгү каражатым катары эмес), аны менен бир бүтүн экенимди сеземин.

Аким Кожоев,

блогчу.

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG