15-апрелде Нарын шаарындагы ички иштер бөлүмүндө каза тапкан Бектемир Акуновдун өлүмүнө байланышутуу гистологиялык экспертиза аяктады. Бишкек шаардык соттук-ьедициналык экспертиза бюросунун жетекчиси Кубат Шадыбековдун айтымында, мыйзамга ылайык тергөөчүгө берилгенге чейин анын тыянагы ачыкка жарыяланбайт. Ал эми Акуновдун жакын туугандары Саламаттык сактоо министрлигинин жана Нарын мамлекеттик администрациясынын жанына митинг уюштурушуп, экспертизанын тыянагын талап кылышты.
15-апрелде Нарында милициянын абагында жатып “Кыргызстанды сактоо» патриоттук кыймылынын мүчөсү Бектемир Акунов каза болгон. Ачкачылык акциясынын катышуучуларынын бири Акунов өз көйнөгүнө муунуп өлдү деген расмий маалымат айтылууда. Бектемир Акунов 5-апрелден тарта саясий ачкачылык акциясын жарыялагандардын катарына кошулуп, 11-апрелге чейин ачкачылык кармаган. Кабарчыбыз Султан Каназаров маркум Бектемир Акуновдун уулу Урмат Акунов менен маектешкен.
: Мээрим Султангазы, Бишкек Кечээ Бишкектин “Алатоо” аянтында мөөнөтсүз митингдин жүрүшүн камерага тартып жүргөн учурда НТС телеканалынын журналисттерине белгисиз адамдар кол салган. Акыркы бир ай ичинде ушуну менен беш журналистке кол салуу болду. Мына ушундай жагдайга байланыштуу адам укуктары боюнча Хельсинки федерациясы тынчсыздануу билдирди. Уюмдун белгилешинче, мындай кылмыштын күчөп кетиши сөз эркиндигине олуттуу коркунуч келтирет.
27-март күнү кечки саат 21:30 чамасында НТС телеканалынын журналисти Данияр Исановго белгисиз бирөөлөр Бишкек шаарындагы Динара Асанова көчөсүнөн кол салышып, ур-токмокко алышкан. Андан соң журналистке кол салгандар аны Бишкек-Чүй каналынын жээгине таштап кетишкен. Жабыркаган журналисттин айтымында, ага кол салгандар анын жанынан 1,5 миң сом акчасын жана чөнтөк телефонун алып кетишкен. Алдын ала маалыматтарга ылайык журналистти сабаган адамдар 21 06 номерлүү ак жигули минип жүрүшкөн.
Илим Жанузаков, Азаттык, Бишкек Каржы полициясы кечээ “Реформа үчүн” кыймылынын координатору Өмүрбек Абдрахмановдун жубайы, “Азат” компаниясынын жетекчиси Бейил Айдакееванын кармалышында эч кандай саясий боёк жок деп билдирди. Каржы полициясынын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Турарбек Масыбаевдин айтымында, аты аталган компания 1 миллион 200 миң сомдон ашуун салык жашырган. Бирок, “Реформа үчүн” кыймылынын координатору Өмүрбек Абдрахманов жубайынын айланасындагы окуяны саясий террор катары баалап жатат.
Жалалабат облусунда көз каранды эмес “Сентябрь” телесине белгисиз адамдар кол салышкан. Сыналгынын көрсөтүүлөрдү обого таркатуучу жабдыктары талкалангандыктан аталган телеканал 2-ноябрдан бери обого чыкпай калган. Телеканалдын жетекчилиги инцидент тууралуу мамлекеттик уюмдарга кайрылган эмес. Көрөрмандардын пикири боюнча жеке менчик сыналгылар ээсинин айтканы менен болот. Обулуста жеке менчик сыналгыларга тоскоолдук жок дешет жергиликтүү бийлик өкүлдөрү.
«Пирамида» телерадиокомпаниясынын мүлкүн кыйратуу фактысынын артында кимдер турушу мүмкүн? Ал окуянын иликтөө кандай жүрүүдө? Бул суроолор боюнча “Азаттыктын” суроолоруна “Пирамида” телерадиокомпаниясынын редактору Турат Бектенов жооп берди.
Бүгүн кечинде Жогорку кенештин депутаты Мелис Эшимканов артынан андып жүргөн Улуттук коопсуздук кызматынын бир кызматкерин кармап алгандыгы тууралуу маалымдады. Депутаттын айтымында, белгисиз бирөөлөр эртең менентен бери эки машина менен анын артынан аңдып жүрүшкөн, алардын бири кармалып, ал Дмитрий Огородников деген коопсуздук кызматкери болуп чыкты. Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү “аңдуу аракети болгон эмес” деп, бул доону четке кагууда. Ал эми бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү оппозициячыл депутатты аңдуу менен байланыштуу бул окуяга карата терең тынчсыздануусун билдирди.
Бул кутум майнапсыз аяктаган менен, азыркыга чейин КМШ аймагында 19-август путчу тууралуу карама-каршы пикирлер жана аңыз кептер айтылып келет.
Жогорку сот бүгүн Аксы окуясы боюнча кайра тергөөнүн зарылдыгы жок деген чечим чыгарды. Соттун мындай чечимине нааразы болгон 10-15 адамдан турган аксылыктардын тобу Өкмөт үйүнө кирүүгө аракет жасашты. Аларды милиция кызматкерлери аскерлердин жардамы менен Өкмөт үйүнүн короосунан сыртка күч менен чыгарып койушту. Азыр Өкмөт үйүнүн алдында отуз чакты адамдан турган топ «Бакиев, сыртка чык, деп кыйкырып турушат. Жогорку сот Аксы окуялары боюнча кылмыш ишти Башкы прокуратуранын жаңы жагдайларга байланыштуу аны кайра тергөө тууралуу сунушунун негизинде карап баштаган эле. Анда бул иште жаңы жагдайлардын бар экени, мурдагы тергөөдө бийликтин жогорку тепкичиндеги жетекчилердин аракеттерине, «Тайфун» жана «Буран» операцияларына укуктук баа берилбегени белгиленген.
30-ноябрда үч адамды өлтүрүүгө шектүү деп кармалган Рысбек Акматбаев баштаган 9 атуулдун үстүнөн сот жараяны улантылды. Мамлекеттик айыптоочу шек менен кармалган Акматбаев менен 9 атуулду генерал Чыныбек Алиевдин жана дагы эки адамдын өлүмүнө себепкер деген тергөөнүн корутундусун окуп берди. Шектелип жаткандар сотко айыптуу эмес экенин айтышып, тергөө мыйзам бузуулар менен бир тараптуу айыптоо багытында жүргүзүлдү деп эсептешти.
Ошто көчө балдарынын көйгөйү курч маселеге айланууда. Бул багытта Ош облустук ички иштер башкармалыгы жергиликтүү билим берүү тармагынын кызматкерлери менен биргеликте кароосуз калган балдардын өздүгүн тактоо, алардын турмушунун социалдык себептерин иликтөө боюнча атайын иш чаралардын жумалыгын өткөрө баштады. Иш чаранын алкагына мектеп жашындагы кароосуз калган балдарды жайгаштыруу жана окууга тартуу маселеси да камтылган.
Дагы жүктөңүз