Сүрөт баян
Азия кубогу: Эстен кеткис оюн
Жаш футболчулардын академиясы
Ош шаарындагы Футбол академиясында машыгып жүргөн жеткинчектердин сүрөттөрүн сунуш кылабыз.
Орусиядагы үрөй учурган согуш

1922-жыл. “Ачка болгон орус аялдары” АКШнын гуманитардык жардам берген кызматкерине чөгөлөп турушат. Большевиктер беш жылдык салгылаштан кийин жеңип чыккан учур.
Американын Кызыл чырым уюмунун фотографтарынын сейрек кездешкен сүрөттөрүнөн Орус империясын кыйраткан кыйын учурдун көз ирмемдерин көрүүгө болот.
Качкындар менен мигранттарды колдогон жыйын жана жүрүш
Лондондогу 9-декабрдагы демонстрациянын катышуучулары Улуу Британиядагы качкындарга жана мигранттарга колдоо көрсөттү.
Футболду көркүнө чыгарган күйөрмандар
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия кубогунун алкагында Түштүк Кореянын курама командасына 1:0 эсебинде утулуп калды. Жалгыз голдун автору кореялык коргоочу Ким Мин Же болду. Эки курама команданын оюнун көрүү үчүн беш миң күйөрман келди.
Жаңы жылды күткөн шаардыктар

2019-жыл чыгыш календары боюнча доңуз жылы. Астрологдор жаңы жыл сүйүү жана ийгилик алып келет деп ырасташат.
Жаңы жылга саналуу күндөр калды. Калаа тургундары жакындарына белек-бечкек камдап, базарларда соода кызыды. Бишкектин көчөлөрү түстүү чырактар менен кооздолуп, Ала-Тоо аянты кышкы жомокко бөлөнгөн.
Миграцияда өткөн жылдар
18-декабрь Мигранттардын эл аралык күнү. Акыркы 10 жылда чет өлкөгө жумуш издеп кеткен кыргызстандыктар кескин көбөйгөн. Расмий маалыматтарга ылайык чет жерде жүргөн эмгек мигранттарынын саны 800 миңди түзсө, расмий эмес маалыматтар боюнча алардын саны эки эсе көп.
Кыргыз футболу: мыктылар тандалды

Кыргызстандын футбол федерациясы 2018-жылдын жыйынтыгын чыгарып, беш футболчуга "Жылдын мыктысы" деген наам ыйгарды.
“Football Awards” сыйлыгынын тандоосу менен Кайрат Жыргалбек уулу 2018-жылдын мыкты футболчусу атыкты. Сыйлык тапшыруу салтанаты Бишкекте өтүп, ага бир катар спорт ишмерлери, футболчулар катышты.
Ысык-Көл: катуу шамалдын кесепети
Ысык-Көл облусунда 1-декабрга караган түнү катуу шамалдан бир катар турак жайлар жана социалдык объектилер зыян тартты.
Айтматовдун "Ак кемеси"

"Ак кеме" повестинин арт-инсталляциясы жука жана ак түстөгү материалдан жасалган. Ал толкуп турган көлдүн образын чагылдырат.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган "Декабрдын күнү" аттуу көргөзмө эшигин ачты. Мында "Ак кеме" повестинин арт-инсталляциясы жана жазуучунун эмгек жолуна арналган жаңы стилдеги картиналар коюлган.
"Көрүнбөгөн аял, көөдөндөгү кыял"

Сүрөттөрү көргөзмөгө коюлган аялдардын айрымдары 14-15 жашында сексуалдык зомбулукка кабылып, оор турмуштук жагдайлардан ВИЧ илдетине чалдыгып же маңзат колдонушкан. Оор тагдырына карабай алар коомчулукту гендердик зомбулук менен күрөшүүгө чакырат.
Басмырлоого кабылып, маңзат колдонгон, ВИЧ менен жашаган же зомбулуктун курмандыгы болгон 16 аялдын сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду. Анда ар бир аялдын кыялы чагылдырылган. Оор турмушуна карабастан алар башкаларга үлгү болуп, коомчулукту басмырлоого каршы биргелешип күрөшүүгө үндөшөт.
Жаңы конуштардын жарыбаган турмушу
Тизеге жеткен баткак жолдор, суусу жок, электр жарыгы үлбүлдөп эле күйгөн айылдар. Мындай көрүнүшкө Бишкектен алыс чыкпай эле көзүң түшөт. Баш калаанын тегерек четинде жайгашкан жаңы конуштарда кыш өзүнүн каарын көрсөтүүдө.