Сүрөт баян
Ынтымакты бекемдеген сүмөлөк

Жаңы-Жер айылынын 10 чакты үй-бүлөсү жыл сайын кезектешип сүмөлөк кайнатышат. Быйыл бул милдетти Бердигуловдордун үй-бүлөсү аткарышы керек.
Чүй облусунун Жаңы-Жер айылынын тургундары Нооруз майрамын тосууга камынып жатат. Жыл сайын 10 кошуна биригип кезек-кезеги менен сүмөлөк кайнатышат.
Баш калаадагы ишембилик
Кырк уруунун кырк кызы
Бишкекте «40 кыз» деген аталыштагы кыздардын сулуулук сынагы жыйынтыкталып, 40 райондон чогулган 40 кыздын арасынан 1-орунду Аламүдүн районунун атынан катышкан 19 жаштагы Айдана Карагулова жеңип алды.
Баткен: жабылган жол ачыла элек

Чек арага жакын жердеги үйдүн терезеси. Ушул үйдүн жанында милиция кызматкери жарадар болгон. Ак-Сай, Баткен. (Сүрөт Адилет Абдырасул уулу Kloop.kg сайтыныкы.)
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи милдет – элди тынчтандыруу. Тараптар ушундай чечимге келгенин бир аз мурдараак вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттык” радиосуна билдирди.
Баткен: чек арадагы кырдаал
Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылында жолдо чогулгандар көбөйүп бараткандыктан бир нече милиция кызматкери Ош-Исфана автожолун тосуп койду.
"Башыңды көтөр, кор болбо..."
Бишкекте 8-март аялдардын күнүнө карата «Аялдардын тилектештик шаарчасы» маршы өттү. Иш-чараны «Бишкек феминисттик демилгелери» бирикмеси уюштурду.
Атактуу айымдар футбол ойноду

Футболчу кыздарга каршы жашыл майсаңга Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова, Эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү боюнча министрдин орун басары Ализа Солтонбекова, Кыргызстандын аялдар футболу боюнча Ассоциациясынын президенти Бермет Төлөгөнова, экс-вице-мэр Айгүл Рыскулова, ырчы Гүлнара Тойгонбаева жана бир катар ишкер айымдар чыкты.
Элеси эстен чыкпаган илимпоз жана педагог
Тарыхчы, агартуучу, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Таабалды Мурзабеков (1948––1991) тууралуу сүрөт баян.
Күйүмдүү уул, жакшы күйөө, камкор ата
23-февраль – Мекенди коргоочулар күнү. Бул күндүн урматына "Азаттык" ар өнөрдү аркалаган азыркы кыргызстандык эркектердин сүрөттөрүн чогултту.
Махабат майрамындагы маанай
14-февраль - Ыйык Валентин күнү же Махабат күнү.
Коопсуз шаар: айдоочуларды сынаган алгачкы күн
Бишкекте 12-февралдан тартып "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирип, калаадагы 10 жолдун кесилишинде 17 ылдамдыкты ченөөчү камера иштей баштады.
Иранды өзгөрткөн ислам ыңкылабы

1978-жылдын 7-сентябрында Шах Мухаммед Реза Пехлевиге каршы массалык иш таштоо башталып, нааразылык акциясына чыккандар Тегеранды басып алышкан. Бул күн "Кара жума" катары тарыхта калган. Бүт өлкө боюнча митинг өтүп, нааразы топ шахты "АКШнын куурчагы" деп айыпташкан. Аскердик күч төрт күндөн кийин киргизилген.
Мындан туура кырк жыл мурда Аятолла Хомейни баштаган ислам революциячылар тобу Ирандын шахын тактан кулаткан.