Сүрөт баян
Орозодо гана иштеген базар
Орозо айы учурунда Оштогу Курманжан датка көчөсүндө тамак-аш базарынын соодасы кызыйт. Узундугу 500 метрге созулган базардан олободон тартып, үй шартында жасалган тамак-аштын түрүн тапса болот.
Быйылкы «Акыркы коңгуроо»
Бүгүн Кыргызстандын мектептеринде «Акыркы коңгуроо» кагылып, кезектеги окуу жылы жыйынтыкталды.
Музейдеги картиналарга "жан кирди"
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги айрым картиналарга жан кирди.
Чехиялык кыргыздардын уюму каттоодон өттү

Чехиядагы кыргыз диаспорасынын расмий катталышына арналган чакан азем. Боз үй. Панкрац, Прага шаары. 17.5.2019.
Чехиядагы кыргыз диаспорасынын уюму расмий каттоодон өттү. 17-майда Борбордук Европа өлкөсүндөгү кыргыздардын өкүлдөрү бул окуяны чакан маданий кечеге чогулуп белгилешти.
Таласта маданият майрамы өттү
Талас шаарында 11-майда "Маданият сенден башталат" деп аталган балдардын искусство фестивалы өттү. Борбордук аянтка 19 боз үй, 30га чукул чатыр тигилип, адистер алардын ичинде кол өнөрчүлүк, шахмат, сүрөт тартуу өңдүү өнөрүн башкаларга үйрөтүштү.
Жибек жолунда жөө күлүктөр жарышты
Ысык-Көлдө "Run the Silk road" марафону өттү.
"Өлбөс полктун" жүрүшүнөн ирмемдер
"Өлбөс полк" акциясы Кыргызстандын жети дубанда өттү.
Токтогон эненин эрдиги
1941-жылы Ленинград шаарын фашисттик Германиянын аскерлери курчоого алып, шаардагы балдар эвакуацияланган. Алардын айрымдары Кыргызстанга да алып келинген.
Сөз эркиндигинин көркөм дүйнөдөгү элеси
3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
Борбордун туулган күнү белгиленди
29-апрелде Бишкек шаарынын 141 жылдыгы белгиленди.
Текебаев менен Жапаровдун тарапташтары
"Ынтымак" менен "Достуктун" оюну

Нооруз майрамына арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдештин финалында "Ынтымак" менен "Достук" командалары төртүнчү жолу таймашты. Бул эки команданын финалдык таймашы Нооруздун салттуу мелдешине айланган.
Нооруз майрамына арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеште "Ынтымак" командасы жеңишке жетти.