Сүрөт баян
Баткен: куралдуу жаңжалдан кийинки кырдаал
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Бишкектеги акцияда сөз эркиндигин коргоо талабы жаңырды

Журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылган акциянын катышуучулары.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду. Темировду жана аны менен иштешкен Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен.
Көмүрсүз жашай албаган Бишкек
Бул Бишкектин четиндеги Төмөнкү Ала-Арчадагы көмүр базары. Базарда соода күз келгенде кызыйт. Базарга көмүр көбүнчө Кара-Кечеден келет. Бир кап көмүрдүн баасы 250 сом.
Казакстан: өрттөлгөн имарат, көчөгө батпаган эл
Алматы: атылган ок, курчалган акимчилик
2021-жыл эмнеси менен эсте калды?
2021-жыл дүйнөдө ар кыл окуяларга бай болду.
Жогорку Кеңештин жаңы курамы ант берди

Диний насааттары менен белгилүү болгон мурдагы маданият министри Нуржигит Кадырбеков "Ыйман Нуру" партиясынан Жогорку Кеңешке шайланып келди.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып алып барды.
Спорт өзгөчө адамдарды бириктирди
Бишкекте көрүүсү жана угуусу начар адамдар арасында волейбол жана шахматтан жаңы жылдык мелдеш өттү. Волейболдон мелдеште кыз-келиндер жана эркектерден түзүлгөн сегиз команда күч сынашты.
"Кыз төрөгөнүм үчүн урчу". Кызыл камчы күйөөдөн качкан Асел

"Экинчи кызым төрөлгөндө эле күйөөм менен ажырашкам. Кыздарымды бала багуучуга каратып, өзүм иштеп жаткам. Пандемия башталып, жумушум токтоп калганда ачка калдык. Айла жок күйөөмө кайтып келдим... Анан үчүнчү кызым төрөлдү...".
Кыргызстанда жыл башынан бери 8000ден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Акыркы жылдары зөөкүр күйөөсүнөн качып, кризистик борборлордо баш калкалаган аялдардын саны көбөйгөн. 20 жаштагы Асел да азыр үч кызы менен чоң муштум күйөөсүнөн качып, курбусунун үйүндө убактылуу жашап жатат.
Мээримдүү адамга жолуккан жолбун иттин жашоосу

"Бир күнү жумуш менен Беш-Күңгөйдү көздөй бара жаткам. Алдыда бара жаткан машинелердин бир нерсени айланып өтүп жатканын байкадым. Жакын барсам күчүк жатыптыр. Аны машине тебелеп кеткен экен. Жолдун жээгине чыгарып салайын деп машинемден түшүп, жанына барсам, тирүү экен. Мени көрө калып качканга аракет кылды. Бир көзү сыртка агып калыптыр. Буту сынган. Эптеп сүйрөлүп жол жээгине чыкты. Жамгыр жаап жаткан. Күчүккө аябай боорум ооруду. Жок дегенде кыйналбай өлсүн деп жаман чүпүрөккө ороп, жакын жердеги ветеринарга алып бардым", - дейт Денис Реут ити Гадсондун ошол күнү тартылган сүрөттөрүн көрсөтүп жатып.
Бишкек шаарынын тургуну Денис Реут эки жыл мурда жолбун итти таап алган. Ага Гадсон деп ат койгон. Азыр Гадсон Реуттардын үй-бүлө мүчөсүнө айланган.