АКШнын Чикаго шаарында Демократиялык партиянын 3 күндүк улуттук курултайы башталды. Жыйында вице-президент Камала Харрис ноябрдагы шайлоого партиянын атынан талапкер болуп көргөзүлөт. Бир ай мурун талапкерликтен баш тарткан президент Жо Байденди чогулгандар жылуу тосуп алышты.
Кыргыз бийлиги маймыл чечек деп аталган мрох вирусу боюнча дүйнөдөгү кырдаалдан улам билдирүү таратып, өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу экенин, бирок алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын маалымдады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 14-августта глобалдык мааниде өзгөчө кырдаал жарыялаган.
Бишкек жана башка чоң шаарлардагы тротуарларда электр чыгырык же мопед сүзүп, колу-буту сынгандар мындай окуяларга укуктук баа берилбей жатканына нааразы. Арасында бир жылдан ашык убакыттан бери адилеттик издегендери да бар. Жыл башынан бери Кыргызстанда жол кырсыктарынан 280 киши каза болду.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Курскидеги операциянын башкы максаты - өлкөсүн коргоо үчүн Орусиянын аймагында "буфердик зона" түзүү экенин айтты. Украин аскерлери Курск облусуна 6-августта кирип барган.
18-августтун кечинде Ысык-Көл облусундагы бир катар айылдарда сел жүрдү. Украин армиясы Курск облусундагы Сейм дарыясына салынган үчүнчү көпүрөнү талкалаганын билдирди. Кыргыз өкмөтү Тажикстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктоо алдында турганын билдирди.
Казакстанда 20-августта атомдук станция куруу боюнча акыркы коомдук талкуу өткөнү жатат. Расмий маалыматка караганда, АЭС өлкөнүн энергетика тармагындагы таңсыктыкты жабууга жардам бермекчи. Долбоорго каршы чыккандар курулуш кымбатка түшөрүн айтып, экологиялык маселелерди козгошууда.
Жазуучу жана публицист Олжобай Шакир Жогорку сотко апелляциялык арыз берди. Мирланбек Маратбек уулунун үйүнөн алынган материалдар боюнча экспертиза дайындалды. Украин армиясы Орусиянын Курск облусундагы Суджа шаарын толук өз көзөмөлүнө алганын президент Зеленский билдирди.
Орусия Курск облусундагы кармаштардан улам эвакуациянын жаңы толкунун жарыялаган чакта Украина орусиялык качкындарды кабыл алууга даярдыгын билдирди. Украин парламентинин депутаты “алар жардамга муктаж жана аны ала алат” деп “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтты.
Укук коргоочулар Ооганстанда “Талибан” бийликке келгени улуттук армиянын, коопсуздук кызматынын өкүлдөрүн атайылап өлтүргөн фактыларды, сотсуз дарга асууларды катташкан.
Орус бийлиги Курск облусунун Глушково районундагы тургундарды толугу менен эвакуациялоону чечти. Орусиялык пропагандачыл кабарчылар украин аскерлери ал жактагы инфраструктураны аткылап жатканын маалымдашууда. Орус күчтөрү украин шаар-кыштактарын аткылоодо.
Казакстанда басылып чыккан "Жас Алаш" гезити Кытайда жашаган ондогон казак интеллигенттери камакта жатканын жазды. Абактагылардын көбү Шинжаңда журналистика, билим берүү тармагында жана мамлекеттик кызматта иштеген этностук казактар экени айтылууда.
Орусиянын Украина менен чектеш дагы бир - Белгород облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өкүл атасы делген Азим Ройго козголгон кылмыш иши токтотулганы кабарланды. “Ысык-Көл” аэропортунда учкучсуз учак кулады.
Дагы жүктөңүз