Ирактын түрмөлөрүндө калган кыргызстандык кыз-келиндердин ата-энелери аларды мекенине кайтарып келүүнү өтүнүп, бийликке кайрылды. Алар 14-сентябрда "Ынтымак ордонун" алдына чогулуп, президенттин кабыл алуусун суранышты. Ирактын түрмөлөрүндө жаткандар 2013-2017-жылдары радикал топторго азгырылгандар.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Чечме" бекетиндеги 15-сентябрдагы окуя териштирилүүдө. Чек ара кызматы Сох анклавына сабиз алып өтүүгө аракеттенген айдоочу чек арачылардын ишине тоскоолдук кылганын билдирди. Жергиликтүү бийлик дыйкандар өстүргөн мөмө-жемишин мыйзамдуу алып өтө албай жатканын айтууда.
Кыргыз бийлигинен башпаанек сураган украиналык Артем Бородинди 2025-жылы жергиликтүү милиция Орусиянын өтүнүчү менен Бишкекте кармаган. Ал бир жылдан ашык тергөө абагында отурду.
Медицина тармагында иштеген кызматкерлер нефролог Насира Бейшебаевага мунапыс берүүнү же жазасын жеңилдетүүнү өлкө бийлигинен өтүнүп кайрылышты. 10-сентябрда Бишкек шаардык соту Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгери Насира Бейшебаеваны үч жылга абакка кести.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Украинадан Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна сокку урууну токтотууну талап кылды. Анын айтымында, украиндердин дрондорунун чабуулу дүйнөлүк кара май базарына таасир этүүдө.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов “75чилер каты” боюнча өкүм чыгарган судьяларга каршы Башкы прокуратурага кайрылды. Ал айыпталуучулар башка иштин негизинде күнөөлүү деп табылып, укуктук негизде коргонууга мүмкүнчүлүк берилбегенин айтууда.
Орусияда 15 жаштагы кыргызстандык кыз “теракт” жасоого шектелип, жети жылга кесилди. Секелек ушул жылдын 23-февралында Санкт-Петербургдагы май куйган жайды өрттөөгө шектелип кармалган. “Азаттык” өспүрүмдүн жакындары менен байланышканда белгилүү себептен улам алар комментарий берүүдөн баш тартты.
Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын 22-февралынан бери жүздөгөн орусиялык өспүрүм террорчулукка айыпталып же террорчулар менен экстремисттердин расмий мамлекеттик тизмесине киргизилди. Бул тенденциянын артында эмне турат?
Дүйнөлүк тартипке таасир эткен апааттан кийин башталган терроризмге каршы согуш миңдеген чакырым алыстагы Борбор Азияны, анын ичинде Кыргызстанды кандай өзгөрттү? Чейрек кылымдан кийин дүйнөгө коопсуздук орнодубу же террордук коркунуч болгону жаңы формага өттүбү?
"Азаттыктын" аялдар тууралуу подкастынын алгачкы коногу - Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты Элвира Сурабалдиева. Ал подкастта саясаттагы жолу, эркек саясатчылар менен болгон пикир келишпестиктери жана саясатта аялдар эске алышы керек болгон жагдайлар тууралуу айтып берди.
Дагы жүктөңүз