Беларус милициясы 22-июнда кечкурун 450дөй кишини кармады. Алар флэш-моб ыкмасын колдонуп, "Социалдык тармактар аркылуу ыңкылап" нааразылык чарасын уюштурууга аракеттенишкен. ЭЕ/АҮ. 23.6.11.
Ригадагы Devini студиясында режиссер Инара Колмане тарткан “Менин күйөөм Андрей Сахаров” аттуу даректүү тасмада Елена Боннэрдин (1923-2011) өз күйөөсү - советтик диссидент, академик Андрей Сахаров (1921-1989) тууралуу пикири жана Сахаров менен СССР Президенти Михаил Горбачевдун кайым айтышуусу чагылдырылган. 2011.
Елена Георгиевна Боннэр --> http://www.azattyk.kg/content/elena_bonner_obituary_18_june_2011_in_kyrgyz/24239620.html , укук коргоочу жана академик Андрей Сахаровдун --> http://www.azattyk.kg/content/andrei_sakharov_90th_anniversary_21_may_2011/24181521.html жесири, 18-июнда АКШнын Бостон шаарында кайтыш болду. Маркумдун керээзине ылайык, анын сөөгү Маскөөдөгү Востряков көрүстөнүнө түбөлүк жайга берилмекчи. Бул көрүстөндө анын күйөөсү Андрей Сахаровдон тышкары, ата-энеси да коюлган.
Орусиянын чыгаан укук коргоочусу Елена Боннэр 88 жашында АКШнын Бостон шаарында дүйнөдөн кайтты.
Полшада 1980-жылдары “Солидарност” ("Тилектештик") кесиптик кошуундар биримдиги менен коммунисттик режим тирешип турган доордогу анекдот.
Аптаптуу кулжа айынын 16сында Бишкектен ызгаардуу кабар келди. Жазуучу Төлөгөн Касымбек агабыз дүйнө салган экен...
Алимжан Тохтахунов (Тайванчик) менен орус мафиясы жана Олимпиада чатагы тууралуу маек, 2-бөлүк (орус тилинде). ЭЕ/АҮ. 16.6.11
Алимжан Тохтахунов (Тайванчик) менен орус мафиясы жана Олимпиада чатагы тууралуу маек (орус тилинде). ЭЕ/АҮ. 16.6.11. 1-бөлүк.
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Төлөндү Макеев элчиликтин иш-аракети жөнүндө "Азаттык" үналгысы үчүн маек курду. 10-июнда элчиликте кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү чогулуп, былтыркы коогалаңдын шейиттерин эскеришти. Жанарбек Акаев, Алмаз Алимбаев, "Азаттык" үналгысы. Берлин шаары. 10.6.2011.
Кыргыз эл артисти, көрүнүктүү дирижер жана композитор Насыр Давлесовдун сөөгү 15-июнда Ала-Арча көрүстөнүндө коюлду.
2010-жылкы каргашалуу июн окуяларынын курмандыктарына багышталган эскерүү кечеси Берлиндеги Кыргыз элчилигинде 2011-жылдын 10-июнунда өткөрүлдү. Ага кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, Кыргыз-Немис маданий коомунун мүчөлөрү, Кыргызстандын Берлиндеги элчилигинин кызматкерлери жана "Азаттыктын" кабарчылары катышты. Т.Чоротегиндин сүрөт баяны.
6-июнда Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын Мажарстанга расмий сапары башталды.
Дагы жүктөңүз