3-июнда Татарстанда Эл аралык "Нооруз" Театр шеринеси аяктады.
Казанда Түрк элдеринин “Нооруз” театр фестивалы улантылууда. 1-июнда кечкурун Камал атындагы театрдын имаратынын маңдайындагы аянтта көрөрмандар Жашыл театр койгон “Нан жана ит” деген сөзсүз аткарылган оюнун көрүштү. Оюнду Кыргызстандын “Акайын” жаш таланттарды колдоо кору каржылаган. ЭЕ/АҮ Татар-Башкыр кызматы. 01.6.11.
Каржылык кризисти баштан кечирип жаткан Беларус карыз сурап Эл аралык валюта коруна кайрылды.
Казакстандын Караганды облусунун Долинка жергесинде саясий куугунтук жана саясий сүргүн курмандыктарынын музейи кайрадан ачылды. ЭЕ/АҮ Казак кызматынын сүрөт баяны. 31.5.2011.
30-майда кечкурун Казанда түрк калктарынын онунчу эларалык “Нооруз” театр фестивалы башталды. Анын ачылыш аземи Камал театрынын маңдайындагы аянтта өттү. ЭЕ/АҮ Татар-Башкыр кызматынын баяны. 30.5.11.
Тбилисинин Руставели театрында Грузиянын Көз карандысыздыгына жана Азербайжандын Жумурият Күнүнө арналган маданий иш-чара өттү. ЭЕ/АҮ Азери кызматынын сүрөт баяны. 31.5.2011.
30-майда Тажикстандын Кожент шаарында В.И.Лениндин бийиктиги 23 метр болгон эстелиги алынып салынды. Эми анын ордуна Саманийлер сулалесинин негиздөөчүсү Ысмайыл Саманиге арналган эскерүү жайы тургузулмакчы. ЭЕ/АҮ Тажик кызматы. 2011.
25-майда Амурдагы Комсомольск шаарында байырлаган татарлар алыскы Казан шаарынан келген конокторду салтанат менен кабыл алышты. Коноктордун арасында Бүткүл дүйнөлүк Татар Конгрессинин жетекчиси Ринат Закиров да болду. ЭЕ/АҮ Татар-Башкыр кызматынын сүрөт баяны. 25.5.2011.
Сергей Багапш, өзүн Грузиядан көз карандысыз деп бир тараптуу жарыялаган Абхазиянын лидери, Москва шаарында оорудан каза болду. 29.5.11.
Грузиядан өзүн бир жактуу «эгемен мамлекет» деп жарыялаган Абхазия жумуриятынын лидери Сергей Багапш 29-майда Москвада катуу оорудан көз жумду.
Европарламенттин депутаттык тобу Ашгабат менен Өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине кол коюуну кечеңдетүүгө үндөштү.
Кыргызстанда билим берүү коррупцияга баткан тармак катары таанылган. Билим берүү мекемелеринин бюджети ачык эмес, жетекчилери шайланбастан бийлик тарабынан дайындалуусу – коррупцияга алып барган негизги себептер.
Дагы жүктөңүз