Елена Георгиевна Боннэр, укук коргоочу жана академик Андрей Сахаровдун жесири, 18-июнда АКШнын Бостон шаарында кайтыш болду. Маркумдун керээзине ылайык, анын сөөгү Маскөөдөгү Востряков көрүстөнүнө түбөлүк жайга берилмекчи. Бул көрүстөндө анын күйөөсү Андрей Сахаровдон тышкары, ата-энеси да коюлган.