Азыр Советтер Биримдигинин Компартиясы (КПСС) тууралуу анекдотту “жалкоолор” гана айтпаса керек. А мурдачы?..
Аксакалдар Кеңешинин Бишкекте өткөн жыйынында областтарды жана райондорду кыскартып ирилештирүү жөнүндө сунуш бийлик башчыларына жолдонду.
Кыргызстандын борборунан эң алыс жайгашкан Баткен облусунда энелер менен жаш балдардын өлүмү өзгөчө көп катталды.
Жер-суу аттарын кыргызчалоо демилгесин көтөрүп чыккан Мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси Азимжан Ибраимов кызматынан алынды.
Жигитовдун мындан беш-он жыл мурда айткандары азыркы күнгө да төп жарашып, таамай угулат.
Дүйнө бүгүн Египеттеги кырдаалга кунт коюп байкоо салууда. Серепчилер Түндүк Африкадагы элдик толкундоолордун шарпасы Борбор Азия менен Азербайжандагы автократтык режимдерге кандай таасир этет деп боолгошууда.
“Шырылдаң” берүүсүнүн бүгүнкү мейманы - экономика илимдеринин кандидаты, Чүй облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Аскар Жумагулов.
Беларуста президент Александр Лукашенкону былтыр 19-декабрда өткөн шайлоодогу көз бойомочулук үчүн айыптаган негизги сынчылардын экөө түрмөдөн чыгарылды. Бирок аларды жөн эле чыгарып коюшкан жок. Үй камагында алар эми КГБнын офицерлери менен бирге жашашы керек болот.
Тажикстанда кытайлыктарга пахта эгип, күрүч айдаганга өкмөт жерди ижарага бере турган болду. Өздөрү жерге жетпей жүргөн айрым тажикстандыктар буга көңүлү иренжип турат, “кытайлыктар биздин жерди басып алат экен” деп чочулагандар да жок эмес. Жакында Казакстанда да өкмөт Кытайдын жарандарына ижарага жер бере турган болуп, кийин андан баш тарткан болчу.
Орусиянын туңгуч президенти Борис Ельцин көзү тирүү болгондо, бүгүн 80 жашка чыкмак. Ельциндин туулган күнүндө кичи мекени Екатеринбургда анын айкелинин бет ачаары болду.
Казакстанда президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтө турган болду. Президент Нурсултан Назарбаев кечээ ушундай сунуш менен чыкты.
Дагы жүктөңүз