Эл аралык комиссиянын төрагасы, ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Киммо Килюнен "Азаттыкка" маек курду.
Бишкекте Кыргызстандагы парламенттик демократиянын келечеги талкууланып, ага Казакстан жана Евробиримдиктен өкүлдөр катышты.
Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош шаарында жайгашкан жамы мечиттердин биринде. 2011-жылдын январы. ЭЕ/АҮ Тажик кызматынын тасмасы.
Америкалык чыгаан илимпоз, Индиана университетинин ардагер профессору Денис Сайнор 12-январда 95 жашында дүйнөдөн өттү.
Карамат Токтобаева кыргыздын чыгаан обончусу Рыспай Абдыкадыровдун 70 жылдык мааракесине арналган макаласын сунуштайт.
Жазуучу Казат Акматов мындан 20 жыл илгери кулаган СССР жана анын сабактары тууралуу "Азаттык" үналгысы үчүн маек курду.
Ыйсанын туулган күнүн бүгүн православдар эле эмес, айрым тарса кыргыздар да белгилөөдө.
Мындан 20 жыл мурда СССР аттуу ири мамлекет биротоло урап, анын курамындагы 15 жумурият өз бетинче эгемендик туусун көтөрүп, түтүн булата баштаган. Урматтуу окурмандар, сиздерди 20 жыл мурда ураган совет доору тууралуу чогуу ой толгоого, бизге кат жазууга чакырабыз.
“Азаттык” үналгысы мындан 20 жыл илгери СССРдин саясий картадан жок болушуна байланыштуу атайын мултимедиалык түрмөктү сунуштайт.
“Айкөл Эл” партиясынын төрагасы Эдил Байсалов Кыргызстан - Орусия алакасы тууралуу суроолорго жооп берди.
Мындан 20 жыл илгери Кыргызстандын Жогорку Кеңеши жумурияттын эгемендиги тууралуу декларация кабыл алган.
Президент Роза Отунбаева 10-октябрь парламенттик шайлоо күнүн утурлап Кыргызстандын элине кайрылуу жолдоду.
Дагы жүктөңүз