8-ноябрда Бишкектин түштүгүндөгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыктары эскерилди.
АКШдагы Колумбия университетинин профессору Александр Кули "Манастагы" базанын тагдыры жаңы келишим менен чечилери мүмкүн экендигине токтолду.
26-октябрда Мамлекеттик тарых музейинде Уркуя Салиеванын 100 жылдыгына карата көргөзмө ачылды. Анда тарыхый документтер, сүрөттөр коюлган.
Сарт-Ыстаган - бул Кадамжай районундагы шаар тибиндеги Чаувай посёлкасындагы байыркы кендин аты.
25 жыл илгери Кыргызстанда алгачкы Ысык-Көл шеринеси өтүп, ага дүйнөлүк абройу бар, салабаттуу инсандар чогулган. Аны негиздөөчүлөрдүн бири, илимпоз, ойчул, акын, дипломат, ЮНЕСКОнун мурдагы жетекчиси Федерико Майор ошол шерине кандайча уюштурулуп, анда кандай сөз болгонун эскерет.
Киевдин Печер райондук соту мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенкону жети жылга түрмөгө кескен өкүм угузду.
2012-жылдын мартында Путин президентикке келсе Кремл маалымат каражаттарын темирдей тартипке салабы? Орусияда сөз эркиндигинин тагдыры кандай?
Медет Садыркуловдун өлүмүн уюштурууга катыштыгы бар деп шектелген уюшкан кылмыштуу топтун төрт мүчөсү Тажикстанда кармалды.
ИИМ Курманбек Бакиевдин администрация башчысы Медет Садыркуловду жок кылууга буйрук бергендер жана аны аткаргандар ашкереленгенин жарыялады.
Австрия Кыргызстандай эле тоолуу өлкө. Европанын чордонундагы өлкөнүн жолдору өрөөндө болобу, бийик тоо койнунда болобу, тасмадай тептегиз.
Дагы жүктөңүз