Батыштык айрым талдоочулар Фергана аймагындагы беш өлкө үчүн 2013-жыл оор болот деп болжошууда.
Жыл жаңырар алдында Ош шаарынын тургундары "Достук палоосу" деген иш-чарага катышты. Уюштуруучулардын бири Дилмурад Ишанов "Жаңы жыл алдында шаарыбыздын тургундарын бир дасторконго отургузуп бириктирген акция өткөрүүнү чечтик. Ошто барыбызды эмне бириктирет? Биздин атактуу аш!", - деди "Азаттыкка". Ислам борбору уюштурган иш-чарага төрт жүздөн ашуун киши катышты. Эрнист Нурматовдун сүрөт баяны. Ош, 19.12.2012
Кыргыз эл баатыры, космонавт Салижан Шарипов өргүүгө чыгып, 9-декабрда Кыргызстанга келди.
Жалал-Абад облустук соту 2010-жылдагы коогалаңга байланыштуу өмүр бою абакка кесилген Сузак айылынын орусиялык жарандыгы бар тургуну Шамшидин Ниязалиевдин кылмыш ишин кароодо.
УКМК Эл аралык кризистик топтун эксперти Прасад Конор Ошто улуттар аралык кастыкты козуткан деген негизде текшерүүдө.
Ошто борбордук аянтта жана мечиттерде кыргыз-өзбек дебестен аралаш, тизе бүгүп намазга жыгылышты.
Июнь окуясында дайынсыз жоголгондордун жакындары ДНКны иликтөө кечеңдеп жатканына нааразылыгын айтып чыкты.
Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунда улуттар аралаш жашаган айылдарды күзөтүү үчүн кошумча күч жөнөтүлдү.
Оштогу жаныдан түзүлгөн "Ынтымак" радиосу 29-августтан тарта FM 106.1 жыштыгынан өз алдынча чыга баштады.
Ошто жабыр тарткандарга салынган үйлөргө кыргыз-өзбек аралаш киргизип жатышат. Бул ыкма эки элдин достугуна данакер болобу?
Ошто жаңы түшкөн үйлөрдүн тургундары Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы салган үйлөр сапатсыздыгына нааразы болууда.
Ошто "коогалаңда жабыркадык" деп үй алган он чакты киши батирлерден чыгарылышы мүмкүн.
Дагы жүктөңүз