Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Ободо "Ынтымак" радиосу


"Ынтымактын" кызматкерлери. Ош, 29-август, 2012.
"Ынтымактын" кызматкерлери. Ош, 29-август, 2012.

Оштогу жаныдан түзүлгөн "Ынтымак" радиосу 29-августтан тарта FM 106.1 жыштыгынан өз алдынча чыга баштады.

Кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде уктурулчу радионун ачылыш аземине бийлик өкүлдөрү, ырчылар жана журналисттер катышты. Радионун ар улут өкүлдөрүнөн куралган жамааты аймактагы элдин достугун чыңдоого салым кошууну көздөйт.

Буга чейин интернет аркылуу чыгып келаткан радио 29-августта биринчи жолу аба толкунунда абазын жаңыртты. Алгачкы эфиринде эле өз миссиясын аткарып, өзбек-кыргыз ырчыларынын коштоосунда “Ынтымак” ырын угузду:

…Кандай гана кыйын күндөр өттү, абалды курчутпа,
Биз жашагыбыз келет тынчтыкта…


Жаңы радионун жыштыгынан алгачкылардан болуп сөз алган Ош шаарынын вице-мэри Дастан Ходжаев “Ынтымак” радиосу зарыл учурда уюштурулганын белгиледи:

- Бул радионун ачылышы шаар үчүн кичинекей болсо да тарыхый окуя. “Ынтымак” деген атына жарашып, эми бул радио биримдикти чыңап, адамдарды позитивдүү маанайга тартып турат деп үмүт кылабыз. Негизи мындай саамалыктарга азыр Оштун тургундары өтө муктаж болуп турат.

“Ынтымак” радиосу FM 106.1 жыштыгы аркылуу азырынча Ош аймагында гана таркап турат. Бара-бара бүт республиканы камтуу максаты бар. Программалар 3 тилде: кыргыз, өзбек жана орусча жаңырмакчы. Бул болсо элдин достугун чыңдоого өбөлгө дешет аны уюштуруучулар.

Радионун программалык директору Сабыр Абдымомунов радионун максаты тууралуу буларды айтат :

- Кайсы жерде болбосун түпкү улуттан башка улуттар көбүрөөк жайланышкан болсо ошол жердеги эл өз тилинде мамлекеттик саясатты жана мамлекеттик идеологияны алып турса бул эч кандай жаман нерсеге алып келбейт. Тескерисинче, биримдикке алып келет ишенем. Бул радио так ушундай максатты көздөйт.

«Ынтымак» телерадиокомпаниясы кыргыз өкмөтү менен Internews уюмунун биргелешкен долбоору. Ал июнь калабасынан соң эл арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында өткөн жылы негизделген. Ушул күздө «Ынтымак» телеканалынын ачылышы күтүлүп жатат. Бирок долбоор аяктагандан кийин өзүн-өзүн каржылоого өтөт:

- Ар бир телеканал же радио ушу заманда өзүн-өзү багып, өзүн-өзү каржылап кетүүгө толук шарттар бар. Каржылоо токтоп калганда деле “Ынтымак” телерадиокомпаниясы жарнамалык булактар аркылуу, же башка ММКлар менен кызматташуу аркылуу өзүн-өзү актап, эч кимге көз каранды болбой, туруктуу иштеп кете алат. Биз ошого жеткиришибиз керек, - дейт аталган ТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу Каарманбек Кулуев.

Ал эми жамааттагылар азыртан эле радио элдин достугуна жакшы таасири байкала баштаганын ортого салышты:

- Кыргызстанда азыр кыргыз жана өзбек тилдеринде бирге алып барылган теле же радио жок. Бул нерсе элдин ажырымын пайда кылып турат деп ойлойм. Ошондуктан “Ынтымак” радиосу бул жаатта жакшы эле пайда берет. Эки эл бири-бири тууралуу, бири-биринде болуп жаткан жаңылыктар тууралуу аралаш угуп турат. Бул натыйжада улуттардын достугун чыңдайт, - дейт кабарчы Умида Мырзабаева.

Азыр бул жерде 15тей киши иштесе алардын 5өө орус-өзбек улутунан. Ынтымакты өзүбүздөн баштап атабыз дейт дагы бир кабарчы Акылбек Орозматов:

- Эртең менен 7де келебиз. Кадимкидей иш башталат. Бул жерде иштегендерибиз башчыдан баштап катардагы кабарчыга чейин аралашып, талашып, тартышып бир жерде олтуруп алып иштейбиз. Кыргыз, орус жана өзбек аралаш иштейбиз. Бирок тил барьери деле жок. Бири-бирибизди түшүнүшүп эле, ынтымакта иштеп атабыз.

2010-жылкы кандуу окуялардан кийин аймакта маалыматтарды кыргыз-өзбек тилде аралаш берген ММК дээрлик калбай калган. Ал эмес коогалаңдан кийин жарыкка чыккан айрым 2-3 тилдүү маалымат булактары айрым тургундар тарабынан кыжырдануулар менен кабыл алынганы да бар.
XS
SM
MD
LG