Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:17

Күлкү кербени

Sorry! No content for 23 Февраль. See content from before

шейшемби 21 Январь 2020

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Куудулдарга гумжардам.

Катышуучулар:

Мыкты адис – 45-50 жаштагы супер шылуун, жетекчи;

Алтыбай Жетибаевич – 50-60 жаштагы тажрыйбалуу шылуун;

Катчы кыз – 20-28 жаштагы өзүн өтө баалаган күлбөс сулуу кыз (акчага күлүшү мүмкүн).

Окуя биздин күндөрдө өтөт. Бир бир чоң мекеменин кабылдамасы. Мыкты адис кирет. Кабылдаманы кайтарган катчы кызга кайрылат.

Мыкты адис: - Саламатсызбы?!

Катчы кыз телефон чукулап отурат, башын көтөрбөйт: - Ооба.

Мыкты адис: - Жетекчи аксакалга киргенге уруксатпы?

Катчы кыз: - Эмне маселе боюнча?

Мыкты адис: - Өзүмдүн жеке ишим боюнча кирсемби дегем.

Катчы кыз: - Жеке маселелер боюнча жума күнү келиңиз, Алтыбай Жетибаевич саат ондон он үчкө чейин кабыл алат.

Мыкты адис: - Бүгүн кирсе болбойбу?

Катчы кыз: - Болбойт.

Мыкты адис: - Мен сөзсүз киришим керек эле...

Катчы кыз: -Жок дебедимби сизге. Сиз алдын ала жазылып, анан жума күнү келесиз. Тартип ушундай.

Мыкты адис: - Суранам, сулуу кыз... Азыр сөзсүз киришим керек.

Катчы кыз: - Кечирип коюңуз, сизге окшогондор толтура... Анын баарын киргизе берсем шеф мени бүгүн эле жумуштан кууп чыкпайбы! Жок дедимби, жок!

Пауза.

Мыкты адис: - Сиз абдан сулуу экенсиз!

Катчы кыз: - Билем. Баары билет.

Мыкты адис: - Аа-а... эмнени билет?

Катчы кыз: - Менин сулуу экенимди.

Мыкты адис: - Ии, ооба да! (Сөөмөйү менен чыкыйын чукулайт) карачы ошого да мээмдин жетпегенин.

Катчы кыз: - Чырайлуу болгондугум үчүн ушул жерде отурам да...

Мыкты адис: - Ошону айтпайсыңбы... (Кыңылдап эки жагын карайт) анда эмне кылсак? «Кыйын болду кыргызга» дегендей... Башка варианттар жокпу?

Катчы кыз: - Билбейм... мүмкүн бардыр. Аны сиз жакшы билет окшойсуз.

Мыкты адис: - Сиздики да туура, бар болуш керек. Бери мени караңыз, сулуу кыз. (Акырын 500 сом акча берет). Меңиз, мына буга шоколад алып дегендей... Аз да болсо көптөй көрүп...

Катчы кыз: - (Аябай жылмаят). Деги жанды койбойт экенсиз да... Болуптур, кириңиз!

Мыкты адис: - Чоң рахмат, сулуу кыз!...

Мыкты адис жетекчинин каалгасын тыкылдатат.

Алтыбай Жетибаевич: - Ооба! Кириңиз.

Мыкты адис: - Урматтуу аксакал, уруксат бекен сизге?

Алтыбай Жетибаевич: - Уруксат.

Мыкты адис: - Ассалоом алейкум, аксакал! (Жүгүрүп келип кош колдоп учурашат). Акыбалыңыз кандай? Үй-бүлө аман-эсенби? Жек-жаат эсенчиликтеби? Куда-сөөктөр? Кечирип коюңуз, мен Ашкере Жегичбаевичтен келдим эле. Ушу сиздерде жаңы бөлүм ачылып жатат деп айтты эле, ал киши.

Алтыбай Жетибаевич: - Аа-а... Ашкере Жегичбаевич жакшы жүрөбү? Күүлүү-күчтүү элеби?

Мыкты адис: - Ооба, кудаага шүгүр. Сизге чооң салам айтты эле.

Алтыбай Жетибаевич: - Саламат болсун. Жакшы. Ооба, бизде жаңы бөлүм ачылып жатат. Ушул бөлүмдү жетектеп кете турган тың адис, ишенимдүү адам керек. Сиз мурда кандай жумуштарда иштедиңиз эле?

Төлөгөн Карыкеевдин карикатурасы.
Төлөгөн Карыкеевдин карикатурасы.

Мыкты адис: - Аксакал, мен иштебеген жумуш калган жок. Алгач армиядан келип эле милийсада иштей баштагам, анан совхоздо завхоз, бухгалтер, экономист, кампа башчы... Анан «общепит» менен «горторгдо» ревизор-текшерүүчү, анан мектептин директору, бажы башчы, борбордук эмканада физкабинеттин инженери, драматеатрда кийим тигүү цехинин башчысы, сыр заводдун, эт комбинаттын директору, айыл чарба министринин орун басары, жилкомхоздун башчысы жана башка көптөгөн жумуштарда жетекчилик милдеттерди аткарып келдим. Иши кылып, аксакал, тоодой тажрыйба топтодум.

Алтыбай Жетибаевич: - Түзүк, түзүк... Тажрыйбаңыз бар экендиги көрүнүп турат, сиз менен иштешсе болот окшойт. Та-ак!. Биздин жумуш мындай. Билесиз, азыр биздин ажобуз күнүгө сыналгыдан, үналгыдан аябай айтып, катуу күрөш жүргүзүп жатат. Ажого жардам берелик, жалгыз кишинин колунан эмне келет? Аны биз биргелешип түп-тамырынан бери жок кылышыбыз керек, бул жети баштуу желмогузду. Түшүндүңүз да, эмне жөнүндө сөз болуп жатканын?

Мыкты адис: - Албетте, түшүндүм. Алдамчылыкка, жердешчиликке, паракорчулукка, тууганчылыкка жана башка ушу сыяктуу коомго жат көрүнүштөргө каршы аёосуз күрөш жүргүзүү - ар бир аң-сезимдүү жарандын ыйык милдети эмеспи! Сиз, аксакал, жалпы жонунан айтканда, коррупция жөнүндө сөз кылдыңыз.

Алтыбай Жетибаевич: - Оп бали! Таптыңыз, сиз абдан туура айттыңыз! Биздин мекеме да башкалар сыяктуу ушул эле жети баштуу желмогуздан куру эмес. Ошондуктан бизде коррупцияга каршы күрөш бөлүмү ачылсын деген буйрук келген. Таа-ак, эми, эгер сиз ушул бөлүмгө башчы болсоңуз, кудай буюруп дегендей.

Мыкты адис: - Оозуңузга май, аксакал!

Алтыбай Жетибаевич: - Башчы болуп калсаңыз жумушту эмнеден баштайт элеңиз?

Мыкты адис: - Мен алгач ишканада иштегендердин ар бир бөлүм башчысы менен таанышып чыгат элем.

Алтыбай Жетибаевич: - Оуу! 185 киши мененби?

Мыкты адис: - Ооба. Ар биринин тамырын тартып дегендей. Кимиси канчадан алат... айлыкты? Кимиси канча жылдан бери иштейт? Кайсы кызматта, канчадан кошумча табат? Кандай машина минет? Там-ташы кандай? Тууган-уругу, куда-сөөгү ким... Анан коррупциянын зыяндуулугу жөнүндө маектешип, ар бир бөлүмдө лекция окуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт элем. Ай сайын, жок, жума сайын кызматчылардын баарын көчөгө коррупцияга каршы демонстрацияга чыгармакмын. Аягында аянтка баарын тизип коюп, чоо-оң митинг жасап, чоо-оң мамы орнотуп, «Коррупционер» деген чоо-оң жазуусу бар жарнак мойнуна илинген чоо-оң үч метрлик, өңү суук куурчак-каракчыны салтанаттуу түрдө чоо-оң от жагып жалындатып күйгүзөт элем. Баары жапырт карап турмак ошол «Коррупция» өрттөнүп бүткүчө. Бул ыкма адамдардын психологиялык коркуу сезимдерин күчөтөт.

Алтыбай Жетибаевич: - Кудай сакта, баарынын жүрөктөрүн түшүрүп салып, анан таптакыр оорукчан болуп калышпайбы?

Мыкты адис: - Анда жарым жылда же бир жылда бир жолу ошондой чоң акция өткөрөбүз, албетте, сиздин уруксатыңыз менен.

Алтыбай Жетибаевич: - Сиз деген күчтүү адис экенсиз. Туура айтып жатасыз. Бул деген чоң иш, чоң программа, жумушу көп. Жакшы... Бирок, баарынан мурда эмнеден баштайт элеңиз? Алгач... Мага ошону айтып бериңиз. Жол көрсөтүп бериңиз.

Мыкты адис: - Мм-мм... Көрсөтүп берейинби? Сөздүн ачыгы жакшы... Мен анда... (Эки жагын, шыпты карайт. Алтыбай Жетибаевичке шыбырайт. Ал түшүнбөйт. Бир баракты турнабайга окшотуп ороп көзүнө такайт, башын ийкеп жаңсап сурайт).

Алтыбай Жетибаевич: - Аа-а, жоок, андай. Кудай сактасын, видеокамера коюлган эмес. Анын бетин нары кылсын.

Мыкты адис: - Аа-а, анда жакшы. (Ички чөнтөгүнөн конверт алып чыгат). Быссымылда! Мынабуну иш башы деп акыры-ыын алып, байкатпастан чөнтөгүңүзгө салып коюңуз. Бул деген... көз акы... бу деген гонорар! Кийин, кудай буюрса, ай сайын ушунун жарымын алып турасыз.

Алтыбай Жетибаевич: - Тим эле койсоң болмок... (Алып ичин карайт. Ыракаттана жылмайып чөнтөгүнө салат). Оп бали! Мына, мыкты адис деп сизди айтыш керек. Тажрыйба бар экендиги эми накта билинди. Жумушту жакшы баштадыңыз. Эмесе сиз эртеңден баштап биздин мекемеде жаңы ачылган коррупцияга каршы күрөш бөлүмүнө жетекчи болуп дайындалдыңыз. Куттуктайм! Эртең мен сизди керектүү документтериңиз менен күтөм. Жакшы барыңыз... Ашкере Жегичбаевичке салам айтып коюңуз!

(Экөө кучакташып коштошот. Мыкты адис шадыраңдап чыгып кетет).

Аягы

Авазбек Жусупбеков

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Төлөгөн Карыкеевдин карикатурасы.
Төлөгөн Карыкеевдин карикатурасы.

Сатиралык «Күлкү кербени» куржунунан Борбор Азиядагы саясий азилдердин кезектеги шиңгилин сунуш кылабыз.

Илгери-илгери Советтер Биримдиги кезинде эки дос болуптур. Алардын бири Кыргыз ССРинде жашаса, экинчиси Казак ССРинде жашачу экен.

Заман өтүп, алар да өздөрүнүн эгемен өлкөлөрүндө жашап калган карыялардан болуп калышат.

Сааты келгенби, айтор, алар кылымдар тогошкон маалда чек арада жолугуп калышат. Бири Дордойдон, экинчиси Кордойдон келе жатышкан экен.

Оболу бири-бирине кыраакылык менен көз чаптырышат.

Казак карыянын кийгени көзгө толумдуу, бир аз курсак байлаганына караганда, турмушу деле ырасыраактай сезилет. Кыргыз карыянын жүдөңкү, арык кебетесинен эле көп нерсени айттырбай түшүнсө болчудай.

- Арыба, досум. Мал-жан эсенби, акыбалың кандай? - деп кыргыз досу сөз баштайт.

- Дурус эле. Оболу базар экономикасы башталганда, чынын айтсам, алапайымды таппай, аябай кыйналып жүрдүм. Тээ 1930-жылдардагы ачарчылык жөнүндө атамдын айтканы эске түштү. «Ошондо Кыргызстанга келип аман калганбыз» деп эскерчү эле, ыраматылык атам.

- Эми жагдайың жакшы эле го, телегейиң тегиз сыяктанып эле турат, досум!

- Э-э, эмнесин айтайын! Күндөрдүн биринде мен бир айла кылдым. Анда ордо калаабыз Алматы шаары болчу. Нуракебиз Алматыдан Медөөгө эс алууга баратканда, жол четине бир кап саман төктүм да, анын көзүнчө саманды бурдап жей баштадым! Анан Нураке мени көрүп калып, аябай уялды гой. Дароо пенсиямды көбөйтүп, турмушум ушинтип оңолуп, ал гана түгүл итим да чөп жеп калды!

- Мага сонун акыл айттың, досум! Эми эсенчиликте бол! - деп кыргыз карыя берки досу менен коштошту да, Бишкекке кайра тартты.

Анан кыргыз карыя өз өлкөсүнүн президенти жумушка келээрин туштап, Ак Үйдүн жанында кара жолдун четине саман төгүп алды да, аны улам-улам жей баштады. Узак жылдар бою ушинтүүгө туура келди...

Оболу аны алгачкы президент Аскар көрүп, баш чайкап:

- Илимде голография деген тармак бар эмеспи. Ар башка өңүттөн голографиялык ченемин алып, бул аксакалдын мейкиндиктеги ордун үч өлчөмдө ченеп, тек гана самандын ордуна нан жеп жаткандай элестетишибиз керек экен! - деп айтып, андан соң Барвиха тарапка качып өтүп кетиптир.

Андан кийинки президент Курманбек болсо:

- Ой, аксакал! Сиз да кызыксыз! Тетиги кырга чыксаңыз, текей терип, ара-чолодо тезек терип оокат кыла аласыз да, жаман жорукту баштабаңыз! - деген бойдон Минскини көздөй куйругун түйүптүр.

Анан Роза апчебиз келип:

- Негизи, вегетариандык салтты баштоо - жакшы идея экен! Убактылуу Өкмөткө айтайынчы! - дептир.

Кийинки президент Алмазбек:

- Атаганат, Дача-СУ менен Кой-Таштагы жаңы дачам салынып жаткан жайда да саман чачылып жатты эле, ушул кишиге көк чөптөн кошуп ошону алып келишсе экен деп жаңы мечитте бир дуба окутайынчы! - дептир.

Соңку президент Сооронбай болсо:

- Аттиң, быйылкы жылды санарип жана саман жылы деп атасак болмок экен! - деген бойдон Ак Үйгө карай зуу өтүп кетиптир.

Анан баягы эки карыя кайрадан чек арадан жолугуп калышыптыр. Эми экөөсү тең жүдөңкү көрүнгөндөй.

Кыргыз карыя башынан өткөргөнүн айтып берген соң, берки досунан:

- Өзүң неге мынча арыктагансың? - деп сураптыр.

- Э-эй, боордошум! Мактанып ипотекага үй алам деп азгырылып, 2008-жылы мүлкүмдөн айрылдым. Жол четине кайрадан саман даярдап койдум эле, жаңы элбашы Касым-Жоомарт дагы, аталык болуп калган Нуракебиз дагы Нур-Султан шаарынан Медөө жакка эч келбей койду... - деп казак досу улутунган дешет.

Армансыз кеткен салык төлөөчү. Кимбайкенин сүрөтү. 11.3.2011.
Армансыз кеткен салык төлөөчү. Кимбайкенин сүрөтү. 11.3.2011.

(TT)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG