Сатиралык «Күлкү кербени» куржунунан Борбор Азиядагы саясий азилдердин кезектеги шиңгилин сунуш кылабыз.
Илгери-илгери Советтер Биримдиги кезинде эки дос болуптур. Алардын бири Кыргыз ССРинде жашаса, экинчиси Казак ССРинде жашачу экен.
Заман өтүп, алар да өздөрүнүн эгемен өлкөлөрүндө жашап калган карыялардан болуп калышат.
Сааты келгенби, айтор, алар кылымдар тогошкон маалда чек арада жолугуп калышат. Бири Дордойдон, экинчиси Кордойдон келе жатышкан экен.
Оболу бири-бирине кыраакылык менен көз чаптырышат.
Казак карыянын кийгени көзгө толумдуу, бир аз курсак байлаганына караганда, турмушу деле ырасыраактай сезилет. Кыргыз карыянын жүдөңкү, арык кебетесинен эле көп нерсени айттырбай түшүнсө болчудай.
- Арыба, досум. Мал-жан эсенби, акыбалың кандай? - деп кыргыз досу сөз баштайт.
- Дурус эле. Оболу базар экономикасы башталганда, чынын айтсам, алапайымды таппай, аябай кыйналып жүрдүм. Тээ 1930-жылдардагы ачарчылык жөнүндө атамдын айтканы эске түштү. «Ошондо Кыргызстанга келип аман калганбыз» деп эскерчү эле, ыраматылык атам.
- Эми жагдайың жакшы эле го, телегейиң тегиз сыяктанып эле турат, досум!
- Э-э, эмнесин айтайын! Күндөрдүн биринде мен бир айла кылдым. Анда ордо калаабыз Алматы шаары болчу. Нуракебиз Алматыдан Медөөгө эс алууга баратканда, жол четине бир кап саман төктүм да, анын көзүнчө саманды бурдап жей баштадым! Анан Нураке мени көрүп калып, аябай уялды гой. Дароо пенсиямды көбөйтүп, турмушум ушинтип оңолуп, ал гана түгүл итим да чөп жеп калды!
- Мага сонун акыл айттың, досум! Эми эсенчиликте бол! - деп кыргыз карыя берки досу менен коштошту да, Бишкекке кайра тартты.
Анан кыргыз карыя өз өлкөсүнүн президенти жумушка келээрин туштап, Ак Үйдүн жанында кара жолдун четине саман төгүп алды да, аны улам-улам жей баштады. Узак жылдар бою ушинтүүгө туура келди...
Оболу аны алгачкы президент Аскар көрүп, баш чайкап:
- Илимде голография деген тармак бар эмеспи. Ар башка өңүттөн голографиялык ченемин алып, бул аксакалдын мейкиндиктеги ордун үч өлчөмдө ченеп, тек гана самандын ордуна нан жеп жаткандай элестетишибиз керек экен! - деп айтып, андан соң Барвиха тарапка качып өтүп кетиптир.
Андан кийинки президент Курманбек болсо:
- Ой, аксакал! Сиз да кызыксыз! Тетиги кырга чыксаңыз, текей терип, ара-чолодо тезек терип оокат кыла аласыз да, жаман жорукту баштабаңыз! - деген бойдон Минскини көздөй куйругун түйүптүр.
Анан Роза апчебиз келип:
- Негизи, вегетариандык салтты баштоо - жакшы идея экен! Убактылуу Өкмөткө айтайынчы! - дептир.
Кийинки президент Алмазбек:
- Атаганат, Дача-СУ менен Кой-Таштагы жаңы дачам салынып жаткан жайда да саман чачылып жатты эле, ушул кишиге көк чөптөн кошуп ошону алып келишсе экен деп жаңы мечитте бир дуба окутайынчы! - дептир.
Соңку президент Сооронбай болсо:
- Аттиң, быйылкы жылды санарип жана саман жылы деп атасак болмок экен! - деген бойдон Ак Үйгө карай зуу өтүп кетиптир.
Анан баягы эки карыя кайрадан чек арадан жолугуп калышыптыр. Эми экөөсү тең жүдөңкү көрүнгөндөй.
Кыргыз карыя башынан өткөргөнүн айтып берген соң, берки досунан:
- Өзүң неге мынча арыктагансың? - деп сураптыр.
- Э-эй, боордошум! Мактанып ипотекага үй алам деп азгырылып, 2008-жылы мүлкүмдөн айрылдым. Жол четине кайрадан саман даярдап койдум эле, жаңы элбашы Касым-Жоомарт дагы, аталык болуп калган Нуракебиз дагы Нур-Султан шаарынан Медөө жакка эч келбей койду... - деп казак досу улутунган дешет.
(TT)
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.