Бул тоолуу өлкөнүн борборуна келээрден мурда дүйнөнүн чар тарабында жарыяланган туристтик пикирлерди бүт тытып окудум. Байыркы ханзу Чжан Цзяндын саякатнаамасынан баштап араб Абу Дулаф, италиялык Марко Поло, орус Пётр Семёнов, фин Маннергейм, мажар Дйөрд Алмаши жана башкалардын Борбор Азиядагы өз башынан өткөргөн окуялары тууралуу жазгандары менен улантып, анан Интернеттеги кишинин жүрөгүн алкымына кептечүдөй соңку баяндардан бери үтүр-чекитин калтырбай окуп тааныштым.
Акыры бир чоң бүтүмгө келдим: бул өлкөдө полиция кызматкеринен өткөн желмогуздар жок окшойт! Алар кишини коргобостон, кайра кордогонго даяр экен!
Жакында эле бир жаш кызды ала качып бараткандарды кан жолдо кармап, кылмышкерлерди жазалагандын ордуна кайра ошол кызды жазалоого аларга шарт түзүп беришиптир!..
Чет өлкөлүктү көрсө эле чоочун саан уйду күбө жокто жолдон кармап алган саанчыдан бетер сүйүнүп, аларды опузалап акча өндүрө беришет экен...
Эми эптеп аман-эсен бул өлкөдөн кетээрмин, кантсе да, бул жакка саякатым болгону эки айга созулат эмеспи...
Мына бүгүн эртең менен ушул сыяктуу ойлор мээмдеги нейрондорду бир буткулдан экинчисине жүгүртүп жаткан дүрбөлөңдүү кезеңде биринчи кабаттагы батирдин терезесинен көчөгө карасам сыртта мен убактылуу ижарага алган автоунаанын жанында эки полиция кызматкери турат. Бири узун бойлуу, кең далылуу, мурду боксчу Тайсондукуна окшошуп кеткен, кабагы сүрдүү. Жанындагысы бекене бойлуу, бирок спортчу экени шамдагай кыймылынан сезилип турат.
Жүрөгүм шуу дей түштү.
Денемди майда калтырак басты.
Эми булар автоунааны жөн жеринен аңдып турган жок. Болду-болбоду, бир нерсени үмүтөтүп келишти го...
Кой, өзүм эле чыгып берейин!..
Документтеримди алдым да, башымды шылкыйтып сыртка жөнөдүм.
Учураштык.
Тактап айтканда, мен «Сала-ммат-сиздар-рби!» деп кыргызчага окшотуп учураштым, алар жооп кайтарышты.
Алар мага кыргызча да, орусча да кайрылышты.
Ныпым түшүнбөй, тек ийнимди куушурсам, Тайсон кебетеленген, ачуусу чукулдай туюлган полиция кызматкери берки кесиптешин чыканагынан кармады да, мага суроосун англисче которуп кайталады:
– Бул автоунаа мурда ушул үйдүн жанында турчу эмес эле, сиздикиби?
– Ооба, ооба. Ижарага алгам, – деп шашыла жооп узаттым.
– Кайсы өлкөдөн болосуз?
Мен аларга өз өлкөмдүн атын айттым.
«Бул кашкайган чындык» дегендей кылып, паспортумду узата бердим эле, «кереги жок» дегендей ишарат кылды.
– Ого-оо, сиздин өлкөдөн келип, бул жакта автоунааны ижарага алып айдап жүргөн кишини биринчи көрүшүм! – деди ал англисче.
– Машиненин да документтери жайында! – деп чебелектеп, ага автоунаанын ижарага алынганы тууралуу документтерди сунайын десем, аны да албай койду.
«Булар жөн гана тыйын үмүтөтүп жатат!» деген ой кайра кылт этти.
Ички чөнтөктөгү капчыгыма кол узатарымда баягы эңгезердей кызматкер:
– Сизден бир нерсе өтүнсөм болобу? – деп коңур үнү менен англисче сурап калды.
– Албетте, албетте! – дедим да, өзүм болсо «эми пара акчанын көлөмүн айтат го, менин капчыгымда ага жеткидей доллар бар болду бекен» деп ичимден санааркай түштүм.
– Эгер макул десеңиз, сиз менен бул кесиптешим экөөбүз сүрөткө «селфи» кылып түшүп алалыбы? – деди эңгезер полициячы. – Сиздин өлкөдөн келген эч кимди жолуктура элек болчумун! Менин англисчем дурус эле бекен?
– Ооба!.. Оо-ба!..
...Ал уюкфонун алып чыгып, анан мени менен сүрөткө чогуу түшкөн соң полиция кызматкерлери колумду жылуу кысып, өз жолу менен бейкапар басып кетишти.
Мындай оболу жүрөк опколжуткан жана таң каларлыктай жагымдуу аяктаган кездешүү тууралуу Бишкек жөнүндөгү эч бир саякатнаамадан окуй элек элем... Сизчи?..
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.