15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:35
Күлкү кербени
Орусияда саясат – күлкү бутасы
Орус элинин заманбап саясий азилдеринен кезектеги шиңгил.
* * * * * * *
Шайлоо кимдики?
- Александр Навальный шайлоого талапкер катары катышат дешет.
- Кайсы шайлоого?
- Орусия Федерациясынын Президенти болуп Владимир Путин сөзсүз шайлана турган шайлоого.
* * * * * * *
Айырма – чоң
- Батыш менен сиздин өлкөнүн айырмасы эмнеде?
- Батышта өкмөт кайрымдуу салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жашайт. Бизде – салык төлөөчүлөр кайрымдуу өкмөттүн эсебинен жашайт.
* * * * * * *
Салык төлөөчүнүн кудурети
- Борбордук чалгын башкармалыгы АКШнын президенттигине шайлоодо Доналд Трамп жеңишке жетиши үчүн Орусиянын салымы чоң болгонун айтып чыкты дешет.
- То-боо, Орусиянын салык төлөөчүлөрүнүн эсебинен эмнелерди гана ишке ашырууга болбойт!
* * * * * * *
Диоген: Тиран – жапайы жаныбар
Байыркы гректердин демократия жана тирания тууралуу саясий анекдотторунан бир өрнөк.
Байыркы грек ойчулу Диоген өзүнүн замандашынын “кайсы жаныбар өзгөчө коркунучтуу?” деген суроосуна мындайча жооп узаткан экен:
- Үй жаныбарларынын ичинен – кошоматчы коркунучтуу, ал эми жапайы жаныбарлардан – тиран коркунучтуу”.
* * * * * * *
Бир ирет философ Платон Диогендин жакырдыгын келеке кылып мындай дептир:
- Мен ал түгүл Сиракуз шаарынын тираны Дионисийдин кулу болгон чагымда деле өзүм жей турган жашылча-жемишти жуучу эмесмин.
Анда демократ Диоген мындайча жооп бериптир:
- Эгерде Платон жашылча-жемишти өзү жууп жеп жүргөн болсо, анда ал кулчулукка кириптер болбойт болчу.
* * * * * * *
Кыска маалымат.
Философ Диоген Синоптук (Διογένης ὁ Σινωπεύς) б.з.ч. 412-жылдын тегерегинде Кара деңиздин түштүгүндөгү Синоп шаарында (азыр ал – Түркиянын аймагында) туулган жана б.з.ч. 323-жылы 10-июнда Коринф шаарында (азыркы Грекиянын аймагында) өлгөн.
Дагы жүктөңүз