Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Күлкү кербени

Sorry! No content for 18 Декабрь. See content from before

жума 13 Декабрь 2013

Мыйзамдын “жакшысы” – кулпулангандагысыбы? TKy. 25.02.2011.
Мыйзамдын “жакшысы” – кулпулангандагысыбы? TKy. 25.02.2011.


Кайсы-бир ЖОЖдо бир окутуучу бар экен.

Ал дайыма сынак, зачёттор маалында акча алып туруп гана баа койчу тура. Ага көнгөн студенттер да эч нерсе окушчу эмес экен. Баары бир акчага гана баа алса, балааны окушмак беле!

Сааты келиппи, же келе электеби, айтор, бир күнү алиги паракор агай дүйнөдөн мезгилсиз качып кетет экен.

Анын ордуна кызматка келген жаңы окутуучу студенттерден сынак алып калат. Сураса эч ким ооз ачпайт. Мындан сураса да, тигинден сураса да оозуна кум толтуруп алгандай унчугушпайт.

Жини келген окутуучу:

- Эмнеге эле эч кимиң унчукпайсың? Ботом, калп эле жөтөлүп деле койсоңор боло?

Анда курска башчы болгон студент:

- Агай, бизди аясаңыз. Сизге чейинки окутуучубузга аза күтүп атпайбызбы! – деп ботодой боздоп жибериптир.
* * * * * * *

Коңшулар да бизчилеп көргүлүктү көрсүн


Казакстандын экономисттери Бажы Биримдигине өлкө кирген соң, абдан чоң мүшкүл башталгандыгын Нуракеге түшүндүрүп киришсе, ал тигилерди токтотуп коюптур:

- Жетишет, мунун баарын мен билем.

- Урматтуу элбашы, анда эмне үчүн расмий Бишкекти да "бул ынтымакка кошул" деп чакырып жатасыздар?

- Алар да биз тартып жаткан азап-тозокту жон териси менен сезишсин да!

* * * * * * *

Урпактар ошого татыктуубу?


- Эмне үчүн биз Бажы Биримдигине мүчөлүккө өткөн атабыз?

- Жаш муундарыбыз үчүн.

- Түшүнбөдүм?..

- Эмнеси түшүнүксүз? Бул жалкоо шайтандар ошого татыктуу болуп атышпайбы!


* * * * * * *

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG