Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:35

Күлкү кербени

Өтө кызыктуу бир нерсени байкадым.

Эгерде беларус же украин спортчулары утулуп калса, анда орусиялык басылмаларда мындай жаңылык чыгат экен:

"Беларус (же украин) спортчусу утулуш ызасын тартты".

А кокус, кудай буюруп, тигил беларус (же украин) утуп калчу болсо...

Анда орусиялык басылмалар шаңдуу жаңылыкка толот да калат:

"Советтик спорт мектеби жеңишке жетишти".

* * * * *

Маскөөдөн үналгы убакыт канча болгонун эскертип жатат:

"Маскөөдө саат 15, Свердловск шаарында - 16, Томск шаарында - 17, Иркутта 18, Владивостокто - 23..."

Агы угуп турган киши ачууланыптыр:

"Бул өлкөдө бүт баары башаламан!"

* * * * *

Карикатурачы Кимбайке (Төлөгөн Карыкеев) айдоочунун күбөлүгүн оңой-олтоң алган замандаштарын азилдейт.

Кимбайке жол белги тууралуу тамаша сүрөтүн сунуштайт. 2011.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG