Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:32

Күлкү кербени

Карикатурачы Төлөгөн Карыкеев (Кимбайке) азыркы аткаминерлер адам укуктарын "жыдыбастан" эки топко бөлүп келээрин байкаган.

Кимбайке айрым "аткаминерлердин" укукка карата кош мамилесин байкаган. 2011. Азаттык үналгысы.

Орусиялыктардын соңку азилдеринен

Социологдордун соңку иликтөөсүнө караганда, Орусиядагы коррупцияга каршы өнөктүк канчалык тереңдеген сайын алыскы Лондондун калк саны кескин көбөйүп жатат.

* * * * *


Челябинскиде жаз мезгили өзгөчө "кылыктанат": шаарда унаанын баткагын тазалоого кеткен акча күйүүчү майга корогон акчадан алда канча көбүрөөк.

* * * * *


"Жигули" чет элдик машиналардан канчалык арзан болсо, кыймылдаткычы ошончолук катуу өкүрүп турат.

* * * * *


- Бийликтер эми рублди конвертацияланчу акчага айлантууну көздөп жатат.
- Демек, мындан ары рублди эркин эле конвертке салып аларга берип турат экенбиз да, анда?

* * * * *

Падышалык Орусиянын абагында. Бир сааттан соң дарга асылганы жаткан ыңкылапчыга диниятчы келет.
- Карагым, мен Кудай менен баарлашууң үчүн азыр бар көмөгүмдү берейин деп келдим.
- Сиздин кызматыңыздын эч кажети жок. Бир сааттан соң мен ортомчусу жок эле баарлашып алам.

* * * * *
(Ар кыл орус тилдүү басылмалардан алынды).
ТЧ.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG