Борбордук шайлоо комиссиясы партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота боюнча жобону өзгөрттү. Ага ылайык, "Альянс" партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча мандат алмай болду.
"Клооп Медианын" маалыматы боюнча, текшерилип, анализделген протоколдордун көбү кайра оңдолуп, жазылган. Бул болсо шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизиши ыктымал дейт “Клооптун” шайлоого мониторинг жүргүзүү кампаниясынын координатору Айзирек Алмазбекова.
Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу талаштар уланууда. Оппозициячыл бир нече партия шайлоо жыйынтыгы бурмаланган айтып, аны жокко чыгарууну талап кылууда.
Былтыр октябрдагы саясий баш аламандыкта каза болгон Үмүтбек быйыл жыйырма жашка толмок.
Октябрь окуяларына толук бир жыл толду. 2020-жылдын 4-октябрында талаштуу парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашып, өлкөнүн Баш мыйзамы 10-ирет өзгөртүлүп, Кыргызстан президенттик башкарууга кайтты.
30 жыл аралыгында Кыргызстан 3 ири окуяны баштан кечирди. Алардын келип чыгыш себептери барып келип эле бийликтин коррупцияга батышы, жакырчылык, эл менен башкаруучулардын ажырымы, ыплас шайлоолорго байланыштуу.
Кыргызстан эгемендик алаардан мурда Советтер Союзунда тарых нугун өзгөрткөн ири окуялар болуп өткөн. Алардын башкысы – ГКЧП деп аталган төңкөрүш аракети.
Былтыр 5-6-октябрдагы массалык башаламандык учурунда жаракат алгандардын көбү бийликке нааразы. Айрыкча көзүнөн, бутунан жараат алгандар каражат жоктугунан дарылана албай жатканын айтып жатышат.
Саясатчы Сейтек Качкынбай өлкөдөгү жоон топ саясатчылардын камалышын коррупция менен күрөшүүдөн сырткары келечектеги ыктымал оппозициянын таасирин азайтуу аракети деп эсептейт.
Кыргызстанда Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өтүүдө. Бул - эгемендиктин 30 жылдык тарыхындагы тогузунчу жалпы элдик референдум. Мындай элдик добуш берүүлөр буга чейин кандай өткөн жана алардын сабагы эмнеде?
Дагы жүктөңүз