Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:18

Иран Евробиримдик менен адам укуктары, террорчулукка каршы күрөш жана качкындар жаатында кызматташууну токтото турат


Европа Биримдигинин желеги.
Европа Биримдигинин желеги.

Европа Биримдигинин Иранга каршы чектөөлөрүнүн кийинки жылдын апрелине чейин кеңейтилишинен кийин расмий Тегеран адам укуктары, качкындар, террорчулукка жана баңги заттарынын мыйзамсыз ташылышына каршы күрөшүү жаатында кызматташууну убактылуу токтотконун жарыялады.

Европа Биримдигинин чектөөлөрүнүн кеңейтилишине жооп иретинде Иран Евробиримдик менен бир катар тармактардагы кызматташтыгын убактылуу токтотту. Ирандын Тышкы иштер министрлиги 12-апрелде (дүйшөмбү күнү) айрыкча, адам укуктары, террорчулукка жана баңги заттарынын мыйзамсыз ташылышына каршы күрөшүү, ошондой эле качкындар көйгөйү боюнча өз ара баарлашуу убактылуу тоңдурулгандыгын билдирди.

Ирандагы өкмөткө каршы нааразылык чараларынын бири. Исфахан шаары. 2019-жылдын 16-ноябры.
Ирандагы өкмөткө каршы нааразылык чараларынын бири. Исфахан шаары. 2019-жылдын 16-ноябры.


Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Тегеран расмий Брүссел тарабынан чектөөлөрдүн узартылышын жана кеңейтилишин "кескин айыптайт" деп белгилеп, бул кадамды негизсиз деп баалады. Мындан тышкары, ал Иран жооп иретинде өз тарабынан да чектөөлөр киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат, деп кошумчалады.

Ушул эле күнү Европа Биримдигинин Кеңеши адам укуктарынын бузулуп жаткандыгына байланыштуу Иранга каршы чектөөлөрдү дагы бир жылга узартуу тууралуу чечимди жарыялады. Анын билдирүүсүндө чектөө чаралары 2022-жылдын 13-апрелине чейин күчүндө болот, деп айтылат.

Евробиримдиктин «кара тизмеси» мурдагыдан бир аз кеңейтилип, 2019-жылы ноябрда болгон жалпы улуттук нааразылык чаралары маалында демонстранттарга жасалган зомбулукка байланыштуу дагы сегиз аткаминер жана үч уюм кошулду.


Мында кеп үч түрмө, ошондой эле Ислам ыңкылабынын Сакчылар кошуунунун жогорку даражалуу мүчөлөрү, тактап айтканда, анын командири Хусейн Салами, ошондой эле Иран полициясынын башчысы Хусейн Аштари жөнүндө болуп жатат. Ошентип, «кара тизмеге» 89 киши жана төрт уюм киргизилди.

Европа Биримдигинин Иранга каршы чектөөлөрү алгач 2011-жылы киргизилген, андан кийин алар бир нече жолу узартылып келди. (TT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG