Караколдо жергиликтүү калк беткап жана керектүү дарыларды таппай убара тартууда. Шаарда зордук-зомбулуктан жабыркаган жана майып аялдар иштеген эки цех беткап тиге баштады. Күнүнө 2,5 миңдей беткап саламаттыкты сактоо мекемелерине жөнөтүлгөнү менен муктаждыкты жаба албай жатат.
Иммунитетти кантип көтөрүш керек? Вирус күчөгөн маалда туура тамактануунун жолдору кандай? Спирт ичимдиктерин ичсе болобу? Ушул жана башка суроолорго Тибет медицинасынын доктору Анархан Надирова жооп берди.
Коронавирус менен күрөштө Кыргызстан башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынан кандай сабак алышы керек?
Дүйнөдө көөнө жөрөлгөлөр коронавируска байланыштуу кайра каралууда.
«Күлкү кербендин» бул шиңгили коронавируска байланыштуу жаңы азилдерден турат.
Ноокат шаарында күнүнө 3 миңге чейин медициналык беткап тигүүчү цех ачылды. Анда 30дан ашуун кызматкер иштейт. Беткап өндүрүүнү «Дастан-Стиль» ишканасы колго алды. Буга чейин Ош шаарындагы цехинде дагы беткап тигип баштаган.
Cаламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 19-мартта коронавируска байланыштуу өлкөдөгү акыркы кырдаал, алдына ала көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди.
17-мартта Орусиядан Кыргызстанга женил машинелер менен кетип бараткан 200дөй кыргызстандык Казакстандын чек арасынан өтө албай калды.
Коронавирус алгач Кытайда декабрь айынын экинчи жарымында Ухань шаарында катталган. Үч айдын ичинде дүйнөгө жайылып, пандемияга жетти. Интернеттен бул ооруга байланыштуу ар түрдүү маалымат таркап, анын кайсынысы туура же жалган экенин аныктоо да өтө кыйын болуп жатат.
Бийлик Кыргызстанда коронавирусту аныктоо жана жайылтпоо боюнча бардык шарттар бар экенин билдирди.
Өпкөнү сезгенткен коронавирус дүйнөдө тез жайылып жаткан чакта, айрым өлкө лидерлери өз жарандарына кеп-кеңеш бере баштады.
Сауд Арабиясына умрага барып келген үч киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Дагы жүктөңүз