Таласта дыйкандар чакан чарбактарга ашкабак эгип, андан мол киреше табууда. Ашкабактын данегин Жапонияга экспорттошуп, төө буурчакка караганда түйшүгү аз экенин айтышууда. Дыйкандардын эмгегинен кабарчыбыз кабар алып келди.
Таласта көп жылдан бери мал уурулук токтобой келет. Уурдалган малдын көпчүлүгү коңшу Казакстанга өтүп кетери айтылат. Айрымдар чек ара жакшы кайтарылбагандыктын ушундай фактылар орун алганын, айрымдар малчылардын өздөрү күнөөлүү экенин айтышууда.
"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчилиги алмашып, каржылык мыйзам бузуулардан улам эми кен катуу көзөмөлгө алынаары айтылды.Украина бүгүн эгемендик күнүн белгилеп жатат.
Мунун себеби бири-бирине байланыштуу.
Соң-Көл жайлоосунда быйыл Нарын районундагы эки айылдын бала бакчасы иштеди. Мындан он жылдай мурда тарбиячы эжекеси менен жалгыз боз үйдү айланчыктап жүргөн жайлоодогу балдар эми өзүнчө китепканасы, ашканасы бар бала бакчага барууда.
Украинанын чыгышында кармаш күч алды. Мурдагы президенттер Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик менчикке өткөн үйлөрү балдардын реабилитациялык борборуна айланат. Кыргызстандын мунай ташуучулары Орусиянын заводдору дизелди эскпортоонун көлөмүн кыскартып жатканына тынчсызданууда.
2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча соттук жараян башталды. “Талибан” кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулду басып алып, бийликке кайтып келгенине туура бир жыл болду. Улуу Үркүндүн курмандыктарын эскерген жүрүш Жети-Өгүздүн Тосор айылында аяктады.
Бишкек шаары таштандыга толуп, тазаланбай жатат.
Жалал-Абад облусунун Арстанбап эс алуу жайына быйыл Өзбекстандан эс алуучулар көп келип жатат. Батыштан келген туристтер да бар. Айылдагы жолдун начардыгы, башаламан жайгашкан соода жайлар жана таштанды маселеси туристтерге ыңгайсыздык жаратууда.
Дагы жүктөңүз