Кел-Суу - Нарындын Ак-Сай өрөөнүндө 3 500 метрдей бийиктикте жайгашкан. Кел-Суу тууралуу калк ичинде ар кандай кеп-сөздөр айтылат. Маселен, көлдөгү суу бир убакта соолуп, кайра толуп калат. Ал тургай көлдүн өңү дагы кубулуп турат.
Кел-Суунун миң кубулган сырдуу табияты

1
Көлдүн узундугу 9-10 чакырымга созулат, туурасы 500 метрден 2 чакырымга чейин жетет. Тереңдиги 5-10 метр.

2
Кел-Суу көлү кээде толуп-ташып турса, айрым мезгилде такыр соолуп жок болуп калат. Жергиликтүү тургундар суу тоо тектери аркылуу агып кетерин айтып беришти. Көл мөңгү сууларынан толот.

3
Туристтердин көбөйүүсү менен жергиликтүү элде кызмат көрсөтүүнүн ар кандай түрлөрү пайда болду. Алардын бири - моторлуу кайыктар. Киши башына 800 сомдон алып, кайык менен көлгө саякат кылышат.

4
Кел-Суу көлү - Нарын облусундагы Ак-Сай өрөөнүнүн түштүк тарабында, деңиз деңгеээлинен 3500 метр бийиктикте жайгашкан.

5
Көлдө кызмат көрсөткөн 4-5 кайыкты көрүүгө болот. Алардын кээ бири коопсуздук кемселдерин кийгизип киши ташыса, кээ биринде такыр жок.

6
Коопсуздук кемсели жок балон кайыкта бара жаткан үй-бүлө. Башкаруучусу - мектеп окуучусу.

7
Кел-Суу Бишкек шаарынан 460 чакырым алыстыкта, жолу татаал болгондуктан, эрте менен жолго чыккан туристтердин баары кечинде келип ушул лагерге жайгашат.

8
Бул жерде жергиликтүү чабандардын үйлөрү жана айланасына туристтер үчүн атайын боз үйлөр тигилген. Киши башына 500 сомдон жаткырышат.

9
Кээ бир туристтер өздөрү тиккен чатырларына түнөшөт.

10
Лагерден ары көлгө чейинки аралык 12 чакырым.

11
Жол татаал болгондуктан бардык эле автоунаалар ал жакка бара албайт.

12
Көпчүлүк туристтер жөө жалаңдап жол жүрүшөт.

13
Жөө басууну каалабагандар үчүн жергиликтүүлөр ат даярдап беришет. Жеткирип барган бир аттын акысына 1000 сом алышат.

14
Көлдүн түсү аба ырайына жараша өзгөрүп турат. Күн бүркөлгөн учурда көк түскө бөлөнөт.

15
Күн ачык турганда жашыл түскө айланат.

16
Көлдүн кооздугуна суктанып, эс алып олтурган туристтер.

17
Туристтерди ат менен алып келип, алардын кайтышын күтүп олтурган жергиликтүү балдар.

18
Күн кечтесе да көл жээгинде эс алуучулардын аягы тыйылбайт.

19
Күн батып бараткан маал.

20