Бишкекте 11-декабрда абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү максималдык көрсөткүчкө жетип, 288 деген сан менен дүйнөдөгү эң булганыч шаарлардын сап башына чыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк абанын сапатынын индексин иликтеген World Air Quality Index порталы маалымдады.
ЮНИСЕФтин изилдөөсүндө Бишкекте абанын булганышынан улам бир жылда 112 адам көз жумганы белгиленет. Саламаттык сактоо министрлиги бул маалыматты четке кагууда. Эл аралык изилдөөгө катышкандардын бири, Калифорния университетинин профессору Руфус Эдварддын "Азаттык" менен интервьюсу.
Азамат Турсунбаев 2008-жылы Америкага жөнөп кеткен. Ал кезде АКШ кыргыз жаштары үчүн жаңы багыт болуп турган. Бул убакыт ичинде ал ар кандай иш баштап көрүп, телефон оңдоп кызмат көрсөткөн кеңсе ачкан. Азамат азыр бул багыттагы бизнес баштаган Калифорниядагы алгачкы ишкерлердин бири болуп калды.
Сараево шаарынын 22 жаштагы тургуну Дамир Ханич шаарды каптаган түтүн менен өз алдынча күрөшүп жатат. Ал көйгөйдү чечүү үчүн күмүштүн йодидин дрон менен абага чачууну сунуштайт.
Таластык ишкер Русланбек Кенжалиев төө буурчактан порошок жана паста даярдайт.
Бегайым Мырзалиева айылдаштарын жаратылышты сактоого үндөгөн экоактивист. Ал соңку беш жылдан бери өзү туулуп- өскөн Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылындагы токойду жана жайытты коргоп, айылдыктарга экологияга зыян келтирбей эле каражат тапса болорун иш жүзүндө көрсөтүп жүрөт.
Бишкекте Элдик курултайдын жыйыны бүттү. Курултайдын экинчи күнүндө Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчы, активисттерди бошотуу маселеси көтөрүлдү. Айрым делегаттар президент Садыр Жапаровду командасын тазалоого чакырып, жемкорлук менен күрөш акыйкат жүрбөй жатканын айтышты.
25-ноябрда Бишкекте эки күндүк элдик курултай башталып, ага аймактардан 1072 делегат келди. Жыйынга президент Садыр Жапаров да катышууда. Аймактардан келген делегаттар ар кандай маселе көтөрүп, курултайдын соңунда резолюция кабыл алынат. “Азаттык” айрым делегаттарды кепке тартты.
Бишкек мэриясы муниципалдык жерде турат делген №12 гараж кооперативинин жерин бошотуу иштерин баштады. Ал жерге унаасын токтотуп келген 200дөн ашык гараж ээси алар 50 жыл колдонгон жерди алуу мыйзамсыз экенин айтып нааразы болушууда.
Эко-кыймыл жана эко-активизм деген эмне? Кыргызстанда таштандынын көлөмүн азайтууга ар бир жаран кандай салымын кошо алат? Пластикти кайра иштетүү деген эмне? "Эже-сиңдилер" бул жолу экология темасын талкуулайт.
Булганган аба жана анын ден соолукка коркунучу тууралуу маалыматтарды коомчулукка ачык жана түшүнүктүү жеткирүү зарыл. Абанын сапаты боюнча эл аралык эксперт Дэйл Эвартс "Азаттыкка" сунуштары менен бөлүштү.
Дагы жүктөңүз