Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын тагдыры, суу сактагычтын айланасындагы абалга депутаттардын пикири кандай? "Азаттык" Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрүнүн ой пикирин билүү үчүн аларга микрофон сунду.
Бишкек шаарынын жана жанындагы айылдардын абасын булгаган негизги булак - үйлөрдү жылытуу үчүн жагылып жаткан көмүр экени эл аралык адистер жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгында айтылды.
“Кызыл китепке” кирген илек-илектер байыр алган Ак-Турпак айыл аймагына “Азаттыктын” кабарчылары барып ондогон кушту тасмага түшүрүп келген.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта Баткен облусунан жашоого жараксыз болуп калган үйлөрдүн курулушу башталды. Долбоорго ылайык дээрлик толугу менен жабыркаган Достук жана Капчыгай айылынын ордуна жаңы айыл курулмай болду.
8-октябрь күнү Бишкек мэриясы тарабынан жалпы ишембилик жарыяланган. Бул жараянга мобилизациядан улам Кыргызстанга келген орус жарандары да катышты. "Бул биздин кыргызстандыктардын меймандостугуна билдирген ыраазычылыгыбыз" дешет алар.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы кандуу окуяда Баткендин аймагында бир катар айылдар коңшу өлкөнүн жарандары тарабынан талкаланып, өрттөлгөн. Үйсүз калган жашоочулар учурда курулуш иштери кечеңдеп жатканын айтууда.
Бишкек шаарынын Шүкүров көчөсүндө "кызыл тилкеден" чыгып кеткен имараттардын, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевге таандык үйдүн короосунун дубалы сүрдүрүлдү.
Бүгүн Баткенде чогулган тургундар бийликтен соңку протокол боюнча маалымат берүүнү талап кылышты. Акыркы аптада эле Орусиядагы мобилизациядан качып, коңшу Казакстанга жүз миңге жакын орусиялык келген. Камактагы 19 жаштагы активист Ырыс Жекшеналиев Улуттук Кардиология борборуна жеткирилди.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы от атышуудан кийин абал чыңалып турат. Азербайжан Тоолуу Карабактагы этникалык армян күчтөрүн макулдашууну бузду деп айыптады. Башкы прокуратура “Кумтөрдөн” 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгенин билдирди.
Азербайжан менен Армениянын куралдуу күчтөрүнүн соңку кагылуушусунан кеминде 49 армян жоокери курман болду. Орусия “Кант” авиабазасы аркылуу Украинадагы согушка өз аскерлерин жибергени белгилүү болду. Кадамжайда киши колдуу болгон 14 жаштагы Айдай Кочкорованын иши жакында сотко өтөт.
Арстанбап - жаңгак токоюнун аянты 600 миң гектарга жакын. Илимпоздор токойду Кыргызстандын улуттук баалуулугу эле эмес, глобалдык жаратылыш ресурсу катары атап келишет. Токойдо жаңгактан башка бөрү карагат, ит мурун, чие, алча баштаган өсүмдүктөр да өсөт.
Дагы жүктөңүз