25-ноябрда Бишкекте эки күндүк элдик курултай башталып, ага аймактардан 1072 делегат келди. Жыйынга президент Садыр Жапаров да катышууда. Аймактардан келген делегаттар ар кандай маселе көтөрүп,
курултайдын соңунда резолюция кабыл алынат. “Азаттык” айрым делегаттарды кепке тартты.