Украинадагы согушка тартылгандардын энелери менен аялдары Москвада митингге чыгып, жакындарын үйлөрүнө кайтарууну талап кылды. "Би-Би-Си" менен "Медиазона" согушта 60 миңдей орус аскери өлгөнүн аныктады. Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан акын Аскат Жетигендин иши боюнча сот уланды.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматтан кетти. Израилдин өкмөтү АКШ сүрөөнгө алган тынчтык планына макул болду, бирок ХАМАС радикал тобун жок кылуу максатынан кайтпай турганын билдирди. Бишкек шаардык соту экс-депутат Адахан Мадумаровдун аппеляциялык арызын карай баштады
АКШ менен Германия Украинага берип жаткан куралы менен Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат берди.Украинада туткунга түшкөнү тууралуу видеодогу Алишер Турсуновдун туугандары аны таанып, видеодогу киши Оштун тургуну экенин ырасташты. БШК, Муртазалиев мандат маселеси боюнча сотко кайрылышты.
Төрт айдан бери тергөө абагында жаткан журналист Актилек Капаров колун кескилегени тууралуу кат жазды. Чет өлкөлүк жарандарга Ысык-Көлдүн аймагынан мүлк сатып алууга уруксат берген мыйзам долбоорун парламент экинчи окууда кабыл алды. Орус армиясы Украинанын тогуз аймагына абадан жапырт сокку урду.
OCCRP, Temirov Live жана “Клооп” басылмалары Кыргызстандагы мамлекеттик 11 ири долбоордун алтооно 137 млн доллар сарпталып жатканын жана ага жогорку жетекчилердин жакындарынын байланышын иликтеди. Израил Газанын Рафах шаарына чабуулдарын улантууда. Орусия “Талибанды”кара тизмеден чыгарышы мүмкүн.
“Беш-Күңгөй айылында 35 гектардан ашуун жайыт жер мыйзамсыз трансформацияланып, ондогон турак жай тургузулуп жатат”, - деген тургундар 10 жылдан бери арызданып жүрөт. Айыл-чарба министрлигине караштуу мекеме жайыт жерлер мыйзамсыз трансформация болгонун "Азаттыкка" билдирди.
Аймагынын 90% ашуунун тоолор ээлеген Кыргызстандын өзүндө альпинизмдин абалы кандай? Бийик тоолорду, ак чокуларды багынтуу кыялы менен келгендер үчүн Кыргызстан канчалык кызыктуу өлкө? “Азаттыктын” “Данисте” берүүсү бул жолу экстремалдуу спорт саналган альпинизм тууралуу кеп кылат.
Ишембидеги селдин кесепетин жоюу үчүн Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Нөшөрдөн улам жолдорду жана үйлөрдүн жер төлөсүн, короолорду суу каптап, куткаруучулар күчөтүлгөн режимде иштешти.
Кыргыз өкмөтү сунуштаган уран жана торий кендерин казууга уруксат берген мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү. Буга чейин президент Садыр Жапаров Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан.
Кыргыз өкмөтү сунуштаган уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоору парламентке келди. Февралдын соңунда президент Жапаров Ысык-Көлдөгү жолугушууда Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан эле.
Мамлекеттик курулуш агенттиги Ысык-Көлдүн жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар буздуруларын жарыялады. Көл жээгинде уруксатсыз деп табылган бир нече обьект түрттүрүлүп, айрымдарына эскертүү берилди. Анткен менен айрым ишкерлер бийлик органдары "эскертүүсүз эле имараттарды бузуп жатат" деп нааразы.
Ысык-Көлдүн жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар бузулууда. Бул жаратылышты коргоо аймагына салынган курулуштарды аныктоо боюнча комиссиянын чечими менен болуп жатканы айтылды.
Дагы жүктөңүз