Президент Садыр Жапаров Кадамжайдагы жыйырма жылдан бери чыры басылбай келген Шамбесай кенинен алтын казылбай турганын билдирди. Кенди иштетүүгө жергиликтүү тургундар караманча каршы болуп келишкен. Алар кен ишке кирсе, аймактагы Исфайрам суусу булганарын жана башка экологиялык маселелер чыгарын айтышкан.
Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровго сот 100 миң сом айыпка жыкты. Казакстандык оппозиционер жана журналист Айдос Садыковду Киевде белгисиз бирөө атып кетти. Пхеньянда Ким Чен Ын менен Владимир Пуин жолугушту. Акын жана активист Аскат Жетигендин да соту аяктап калды.
17-июндун кечинде Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски-Кочкор-Ата жана Бостон айылдарында сел жүрдү. Эски Кочкор-Ата айылында 10 жаштагы өспүрүмдү сел агызып, каза тапты. Эки айылда 300 үйдүн тургундары эвакуацияланды.
Баткендеги Керевшин капчыгайын альпинисттер «Азия Патагониясы» деп атап коюшат. Анткени ал жер жашыл шалбаасы, агын суулары жана шамалы менен Түштүк Американын тоолорун эске салат. Керевшинге келген альпинисттер менен экстремалдык спорт сүйүүчүлөрдү ишкер Жунус Каразаков тосуп алып тейлейт.
Израилдин акыркы соккуларынан Газада 10 киши мерт болуп, ондогон адам жаракат алды. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорунун баасы 4 млрд 700 млн доллар деп бааланды. Прокурор укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду үч жылга абакка кесүүнү сурады.
Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын чек аралары кесилишкен Фергана өрөөнүндө суу - экологиялык, экономикалык же социалдык эле маселе эмес, геосаясий мүнөзгө да ээ. “Азаттык” радиосунун "Сел менен кургакчылыкка эмне себеп?" деп аталган атайын долбоорунун алгачкы чыгарылышын сунуш кылабыз.
Жаз жана жайдын башы Кыргызстандын ар кайсы аймагында эл жайлоого көчүп жаткан маал болот. Жайлоого көчүү - бул бир жагы төрт түлүк мал менен тиричилик кылган элеттиктер үчүн муктаждык, экинчи жагы көчмөн элдин маданиятындагы табиятка мамиленин көрүнүшү.
Кемпир-Абад ишин караган судья 27 айыпталуучунун 22син актады. Киев Вашингтон жана Токио менен коопсуздук макулдашуусуна кол койду. Ленин райондук сотунда Temirov Live менен “Айт, айт десе” долбоорунун мурдагы жана азыркы 11 журналистинин иши боюнча соту уланды.
Бишкекте соодагерлердин нааразылык акциясы уланды. Соңку суткада орус армиясы Украинанын бир нече облусуна, анын ичинде Киевге канаттуу ракета жана дрондор менен сокку урду. Жогорку Кеңеш чет өлкөлүк жарандарга Ысык-Көлдүн аймагынан мүлк сатып алууга уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду.
Прокурор Кемпир-Абад иши боюнча айыптууларды 20 жылга кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сурады. Июнь окуясына 14 жыл болду. Кыргызстандын жараны Алина Горшенина Орусиянын өтүнүчү менен Казакстанда камалды.
Бээжинде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу боюнча макулдашууга кол коюшту. Газада 30га жакын киши набыт болду. Ошто Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго жана экс-спикер Акматбек Келдибековго тиешелүү үйдүн жерин кайтаруу иштери башталды.
Сузакта желекти өрттөп, ордуна арапча жазуусу бар ак матанын илген депген шек менен бир нече адам, анын ичинде кыздар кармалды. АКШ Мексика аркылуу мыйзамсыз киргендерди чектейт. Экс-премьер-министр, ишкер Өмүрбек Бабанов эркин журналист Эламан Карымшаковду сотко берип, миллион сом доо койду.
Дагы жүктөңүз