Кыргызстанда диний билим алууга ынтызар кыз-келиндердин саны өсүүдө.
Кыргызстанда канчалык деңгээлде кыз-келиндер спорт аркылуу өзүн таанытып, ийгиликтерге жете алат?
Америкалык юрист, жумгалдын келини Мэган МакКормакка Бишкектеги эс алуу бактарынын биринен үй-бүлөсү менен жүргөн учурунда жолуктук. Кыргыз жигиттин башка улуттун кызына үйлөнүшү чоң деле жаңылык эмес. Ошентсе да жаш ишкер Алмаз Сейиткан уулу менен океандын ары жагынан, Бостон шаарынан келген Мэганд
Кыргызстандагы бир нече саясатчы күзүндө боло турган президенттик шайлоого катышаарын жарыялап, алдыртан даярдык көрө баштады. Ал эми мамлекет башкарууга аттанам деген аялдардын алигиче үнү угула элек.
Кыргызстанда бизнеске аралашкан айымдардын катары калыңдоодо. “Аялзат” берүүсүндө ишкер аялдардын жетишкен ийгиликтери, кабылган тоскоолдуктары тууралуу сөз болот.
Соңку кезде Түркияга иш издеп кетип сексуалдык кулчулукка кабылган кыргыз кыздары тууралуу көп айтылууда. Өткөн жыл этегинде Анталияда сабалып, жол жээгинде эс учун жоготуп жаткан кыргыз кыз учурда ооруканада оор абалда жатат.
Кыргызстандык кыз-келиндер Түркияда тейлөө, үй кызматтарында жана туристтик гид болуп эмгектенишет. Тилекке каршы кыргыз мигранттар оор жумуштарды аткарып, кордолгон күндөргө да туш болушат. Ошондой эле жеңил акча табууга алданып барып, сексуалдык кулчулукка туш болгон учурлар аз эмес. Азаттыктын “Аялзат” түрмөгүндө бүгүн Түркияда иштеп жүргөн кыргызстандык кыз-келиндер тууралуу сөз кылабыз.
Кыргызстанда аялдар укугу жаатындагы уюмдардын байкоосуна ылайык, айрым ата-энелер материалдык абалы жакшы күйөө бала табылса кыздарынын жаш курагына карабай турмушка берүүнү каалашат. Адистер ушул сыяктуу көрүнүштөрдөн улам өлкөдө секелектерди күйөөгө узатуу тыйылбай келет дешет. Бирок ошол эле учурда социалогдор бойго жеткен кыздардын жар тандоодо түшүнүктөрү өзгөргөнүн айтышат. Болочок күйөө тандоодо кыздар жигиттин материалдык абалына көбүрөөк көңүл бурушат деген талаштуу пикир бүгүн деле актуалдуу.
Кыргызстанда улгайган аялдар көбүнесе үйдө небере багат же чарбачылык менен алектенип, коомдук иштерге мурдагыдай активдүү катышпай, оолактай баштайт. Айрымдары болсо ишке жараксыз болуп калганда өз балдарынын эле зомбулугуна учурап калган учурлар да арбып бара жатат.
Дагы жүктөңүз