Бишкек шаардык милициясы көчөдө күйөөсү аялын сабаган окуя боюнча тергөөнү баштады. Үй-бүлөдө аялдарга көрсөтүлгөн өкүмзордукту айрым эркектер сындап чыгышты. "Аялзат" түрмөгүндө мырзалардын ойлоруна орун беребиз.
Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө экенин көрүүгө болот.
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө пандемиянын шартында, базарда баа өсүп жатканда кантип үнөмдүү жашаса болоруна токтолобуз. Бир жылдан бери Кыргызстанда тамак-аш, күнүмдүк керектелчү товардын баасы дээрлик 50% өстү. Кымбаттоонун айынан сиз да үнөмдүу жашоо тууралуу ойлоносузбу?
Аялдарга карата зомбулук фактыларынын көбөйүшүнө эмне себеп болууда? Зомбулукка каршы күрөшүү аракети эмнеге натыйжа бербей жатат? "Эксперттер талдайт" берүүсүндө кыргыз коомундагы үй-бүлөлүк зомбулук жана аны кантип токтотуу керек деген суроого жооп издейбиз.
"Азаттыктын" "Ачык Time" подкастын бул ирет кыздардын этек кир маселесине арнайбыз. Айыз келгенде колдонулган чүпүрөктөн тарта кымбат гигиеналык каражаттарга чейин кеп кылабыз. Айызга байланышкан көйгөйлөрдү ачык айтабыз.
Дарыгерлердин шалаакылыгы менен кичинекей кезинде ВИЧ илдетин жуктуруп алган Көпөлөк сыр бөлүшөт. “Азаттык” радиосу “Рейнбоу” коомдук фонду менен биргеликте алардын тагдырына арналган “Сынбайм” деп аталган баяндар сериясын сунуш кылат.
Ала качуу аркылуу баш кошууга мажбур болгон, зомбулукка кабылган, аны жеңип чыккан келин жөнүндө баян.
“Биз жана дин” түрмөгүндө аялдын коомдогу ордун диний көз караштан талдайбыз жана зомбулук маселесине кайрылабыз. Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов менен дин таанучу Алмамбет Осмон уулу талкуулашат.
Кыргызстанда 8-декабрь теле радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы болуп эсептелет. 1958-жылы ушул күнү Кыргызстанда эң алгачкы телепрограмма эфирге чыккан. Бул датага байланыштуу Жалал-Абадда жаңы ачылган "Доор ТВ" телеканалы жөнүндө айтып беребиз.
Мигрант күйөөсүндө ВИЧ инфекциясы бар экенин, өзүнө да жукканын Дилдора кош бойлуу болгондон кийин билген.
Динде аялдардын илимдин түрдүү бутактарында эмгектенишине да чектөө жок болсо да, көп учурда айымдарга мамиле анын тетирисин көрсөтүүдө. Теманы эксперт Канатбек Мурзахалилов Иордания Улуттук университетинин “Ислам укугу” бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү, теолог Ибрагим Абдиев менен бирге талдоого алат.
Ош шаарынын тургуну, жарандык активист, феминист Айсулуу Аскарбекова менен аялдардын укуктары жөнүндө сүйлөшөбүз.
Дагы жүктөңүз