1950-60-жылдары Кыргызстандын түштүгүндө кыздарга 10-классты бүтүү, андан соң жогорку же орто окуу жайга барып, билимин улантуу жеңил иш болгон эмес. Буга байбичелер Айымпаша Ажымурат кызы менен Ырыс Молдо Жээнбай кызынын тагдыры далил.
Кыргызстанда руханий өксүктү толтуруу жолун динден издеген кыз-келиндер арбыды. Муну атынчалардын эле эмес, эркек аалымдардын дарсын угууга ынтызар ислам жолундагы аялдардын саны өскөнүнөн байкоого болот.
Интернет тааныштырат, ажыраштырат...
Соңку жылдары кыргызстандык кыздар арасында гуманитардык багытка ыктап, киреше булагы жогору, абройлуу деп саналган техникалык кесиптерден оолактагандар арбыды.
Маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13 пайызын түзөт. Бул деген жыл сайын 7 миңдей секелек кыз күйөөгө тиет дегенди билдирет.
Кыргызстанда үй бүлөдө зомбулук көргөн аялдар милиция менен соттун көңүл сыртында калып жатат. Ошондой эле күнөөлүүнү жоопко тартуу, иликтөө амалдарын жүргүзүү, адилет соттук териштирүүлөрдү жүргүзүү кыйла аксап келет. Хюман Райтс Вотч уюмунун соңку баяндамасында Кыргызстандагы зомбулукка кабылган аялдар, кыздар маселесине жана мамлекет бул көйгөйдү чечүүдө кандай чара көрүп жаткандыгына байкоо салынган.
“Аялзат” программасынын бүгүнкү чыгарылышында кыздардын улуттук каада-салт деп эсептелген абийир баалуулуктары жана анын азыркы көрүнүштөрү тууралуу сөз болот. Берүүнү кабарчыбыз Канымгүл Элкеева алып барат.
Кыргызстанда көп аял алууга мыйзам тыюу салганы менен дин адамдары шариятка такап муну ачык үгүттөгөн көрүнүштөр байкалууда. Ал тургай Парламентке экиден кем аялы барларга жол жабык болушу керектигин да айтып жатышат.
Мындан сырткары ишкер чөйрөдө, журналистикада өзүн көрсөткөн кыз-келиндердин жоон тобу, бешинчи чакырылыштагы депутат аялдардын бир тобу, парламент жыйындарында бир да ооз ачып сүйлөбөй “балык” атка конгондор да жок эмес. Депутататтыкка аттанган аялдар кимдер?
Өзүн Турсунай деп тааныштырган 33 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогуна чыдабай борбор калаадагы “Сезим” кризистик борборуна баш калкалоо үчүн качып келген. Уруштун көбү кызганычтан чыгат деген келин чиедей беш баласын өзүнө ала албай жатканын “Азаттыкка” айтып берди.
Дагы жүктөңүз