Орусияда Борбор Азиянын жарандарын өлкөгө виза менен гана киргизүү демилгеси көтөрүлдү. "Адилеттүү Орусия" партиясынын лидери Сергей Миронов мындай сунушун буга чейин да айтып келген. Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттар текшерүү ансыз да күчөгөнүн айтууда.
Токмок шаарынын прокуратурасынын чечими менен аялын сабаган деген негизде жергиликтүү тургун үч суткага камалганы белгилүү болду. Ага чейин 27 жаштагы кош бойлуу келиндин катуу токмок жегенден кийинки сүрөттөрү тараган. Келиндин ата-энеси Тажикстанда жашаган этностук кыргыздар.
Жайкы сезондук жумушка Германияга барган 150дөй кыргызстандык улан-кыз качкындар лагеринде жүргөнү айтылган видеолор социалдык тармактарга тарады.
Wildberries'тин бир нече кампасына жасалган дрон чабуулдарынан кийин жүздөгөн кыргызстандык ишкер товары күйүп кеткенин билдирди. Электросталь, Котовск, Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы өрттөн кийин ишкерлер өкмөткө кайрылып, тарткан зыяны үчүн кенемте төлөө маселесин көтөрүштү.
Бремен шаарында жолдо калганын айтып чыккан кыргызстандык жаштарды Германияга Ferienjob аркылуу жумушка жөнөткөн Samara Academy агенттиги жоопкерчиликтен качпай турганын айтууда. Ленин райондук милициясы бул окуянын чоо-жайын териштире баштады. ТИМ жана элчилик маселе көзөмөлдө экенин билдирүүдө.
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун чет элдиктер тууралуу "жалган маалымат" тараткандар жөнүндөгү билдирүүсү талкуу жаратты. Ал "жооп берип, камаларын" эскерткен тизмеде таанымал укук коргоочулар, юристтер жана саясий серепчилер да бар.
Орусиянын Электросталь жана Котовск шаарларында жайгашкан кампаларына дрон соккулары болгон Wildberries маркетплейси аркылуу кийим-кечек сатып миңдеген кыргыз ишкерлери тиричилик кылат. Азырынча чабуулдан кийинки өрттөн келтириген чыгымдар тактала элек.
Жакында интернетте “Казакстан – үй-бүлөлүк зомбулуктун чордонубу?” деген видео жарыяланып, кызуу талкууга жем таштады. Кыргызстанда күн алыс өз үйүндө ажал тапкан аялдар тууралуу жазып келатабыз. Мамлекет жана үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун окшоштуктары New York Times басылмасында талкууга алынды.
17-июлда Бишкек шаардык соту абактагы ишкер, KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун ишин карап, райондук сот чегерген 9 жылдык жазаны 1 жылга азайтып, 8 жылга түшүрдү. Эки жарым жылдан бери тергөө абагында отурган ишкер кыйноо көргөнүн айтып, прокурорго арызданды.
Эки жылдан бери абакта кармалып жаткан акын Аскат Жетиген түрмө кызматкерлери соттолгон адамдарды ур-тепкиге алып жана жеке өзүнүн укуктары чектелип жатканына даттанды. Жаза аткаруу кызматы андай айыптоолорду төгүндөдү.
Акын Аскат Жетиген абак кызматкерлери соттолгон адамдарды ур-тепкиге алып жатканын айтып, кат жазды. Жаза аткаруу кызматы муну четке какты. АКШ Ирандын аскердик буталарына сокку урду. Өз кезегинде Тегеран Иордания жана Кувейттеги базаларга чабуул койгонун маалымдады.
Аксыда 25 жаштагы келин табышмактуу жагдайда каза таап, жакындары күйөөсүн айыптап чыгышты. Алар окуяга зомбулук себеп болгонун айтып, милиция ишти акыйкат тергебей жатат деп нааразы. Милиция кылмыш иши козголгонун билдирүүдө. Келиндин кайын журту зомбулук тууралуу дооматтарды төгүндөп жатат.
Дагы жүктөңүз