Юрист, укук коргоочу, мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматова "Сезим" кризистик борборунун аткаруучу директору болуп шайланды. Анын 26 жылдык тарыхы бар бейөкмөт уюмуна жетекчи болуп келиши Кыргызстанда "чет элдик агент" мыйзамы кабыл алынган учурга туура келди.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, камакта отургандар Жаза аткаруу кызматкерлери басым кылып жатканын айтып Кыйноолорго каршы борборго, укук коргоочуларга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылды. Алар сотко күч менен алынып келген учурлар бар экенин билдирип жатышат.
Мындан отуз эки жыл мурда жер көчкү корунучунан улам Сүлүктү шаарынан көчүрүлгөн 70тен ашык үй-бүлөгө Лейлек районунун аймагынан жер берилип, жаңы айыл түптөлгөн.
6-майда аялын өлтүрүүгө айыпталган Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев сотто акыркы сөзүн айтты. Ал сот арачыларына кайрылып аны мурдагы аткаминер эмес, карапайым адам катары соттоого чакырды.
"Адилеттик издейм" подкастына 17 жаштагы кызынын өлүмүн калыс териштирүүнү өтүнгөн эне кайрылды.
Кыргызстандагы айрым кризистик борборлор соңку жылдары эркектер өз аялын менчигиндей көрүп, каалагандай зордук-зомбулук көрсөткөн окуялар көп катталып жатканын айтып келет. Мындай көрүнүштүн күчөшүнө коомчулуктагы кайдыгер, көңүлкош мамиленин таасири канчалык?
Кишини тажаткан, өзүн гана көкөлөткүсү келген, мыкаачы жана психопат... Казакстанда аялынын өлүмүнө айыпталып жаткан мурдагы министрдин окуясынан улам коомчулукта “Зордукчул адам деген ким, аны кантип аныктаса жана коргонсо болот?” деген суроонун тегерегинде талкуу күчөдү.
Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолукканда эки өлкөнүн кызматташтыгы, демократия, жарандык коом жана бейөкмөт уюмдар тууралуу да сөз кылганын “Азаттык” радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюсунда айтты.
Балыкчыдагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн жоокер таяк жеп ооруканага оор абалда түштү. Аскер прокуратурасы буга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, аскер кызматкерин камакка алды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) адам органдарын чет өлкөлөргө мыйзамсыз сатууну уюштурган эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын билдирди.
Орусияда “Крокус Сити Холлдогу” кол салууга байланыштуу теги тажикстандык дагы бир адам кармалды. Учурда аталган жайда иштеген мигранттардын баары суракка алынып жатканы маалым болду. Ал арада Орусиянын жетекчилиги мигранттарга каршы маанайдагы билдирүүлөрдү жасоону улантууда.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, камакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков абактагы дагы бир саясатчы Азимбек Бекназаров экөөнө психологиялык кысым көрсөтүлүп жатканын билдирди. Азырынча Жаза аткаруу кызматы мындай дооматка жооп бере элек.
Дагы жүктөңүз