Активист Мавлян Аскарбековду Ленин райондук соту эки жылга кести. Ага чейин лингвистикалык экспертиза Аскарбековдун Фейсбуктагы постунда "улут аралык кастыкты козутуу чакырыктары бар” деп тыянак чыгарган. Жарандык коом соңку жылдары бул экспертиза саясий куралга айланганын сындашууда.
Жогорку Кеңеште жыныстык мүнөздөгү айрым кылмыштар боюнча мыйзамдарды кайра кароо сунушу айтылды. Депутаттар пробацияны кайтаруу, тараптардын жарашуусуна жол берүү жана өспүрүмдүн жашын билбеген учурларды өзүнчө кароо маселесин талкуулашты.
24-сентябрда Каспий деңизинде өткөн казак армиясынын аскердик машыгуусу трагедия менен аяктады. Аба ырайы кескин начарлап, катуу шамалдан улам 17 аскер деңизге чөгүп кетип, алардын 14 курман болду, үчөө аман калды. 25-сентябрда казак эли кырчындай уулдарын акыркы сапарга узатты.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Парламенттин 24-сентябрдагы токтому гезитке жарыялангандан кийин шайлоо процесси башталып, талапкер болуу ниети бар жарандар арызын тапшырууга киришет.
Кыргызстандын экинчи ири калаасы Ошто быйыл биринчи класска барган окуучулардын дээрлик 50 пайызга жакыны орус тилдүү мектептерди тандашкан.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапканын жакындары айтып чыкты. Өспүрүмдү даратканада 11-класстын окуучулары сабап, ошол жерде жан берген деп айтышууда. Облустук милиция окуяга катыштыгы бар делген төрт окуучуну камакка алды.
Кыргызстанда мектептердеги окуучулардын коопсуздугу менен катар буга чейин козголгон китеп маселеси дагы курч бойдон турат. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-сентябрда атайын кеңешме өткөрдү.
Ошто эттин баасына нааразы болгон 60тай соодагер Ош мэриясынын алдына чогулду. Алар өкмөт койгон 770 сом деген баа арзан экенин айтып, 1 кг уй этин 850 сомго көтөрүү талабы менен чыгышты. Өткөн аптада өкмөт бааны карап, уй этин 1 кг эт 770 сом деп бекиткен.
Бишкектин четиндеги Ак Ордо-3 жаңы конушунда курулуп, быйыл пайдаланууга берилген № 104 орто мектепте балдар убактылуу төрт нөөмөттө окууга мажбур. Мындай абал жаңы корпус курулуп бүткөнгө чейин уланат.
Бишкектеги "Анар-Бак" конушунун айрым тургундары жер тилкелеринен кол жууйбуз деп кабатыр. Достоевский көчөсүнүн уландысы болгон долбоорго ылайык, жаңы айланма жол үй салуу үчүн деп сатылган жер тилкелерин кесип өтөт. Бишкек мэриясы кенемте төлөө же алмашуу жолдорун кароону убада кылууда.
Буга чейин Агартуу министрлиги быйылкы окуу жылы үчүн китеп басып чыгарууга 1 миллиард 300 миллион сом бөлүнгөнүн жарыя кылган. Мекеме мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери сатууга чыгарылбасын эскерткен эле.
Ирактын түрмөлөрүндө калган кыргызстандык кыз-келиндердин ата-энелери аларды мекенине кайтарып келүүнү өтүнүп, бийликке кайрылды. Алар 14-сентябрда "Ынтымак ордонун" алдына чогулуп, президенттин кабыл алуусун суранышты. Ирактын түрмөлөрүндө жаткандар 2013-2017-жылдары радикал топторго азгырылгандар.
Дагы жүктөңүз